Бүгүн Бишкекте 700 килограмм боорсок жасалат

Жазылуу
Даярдалган боорсок конокторго жана муктаждарга таратылат

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Нооруз майрамына карата "Кыргыз Айылы" этнографиялык комплексинде боорсок жасоо боюнча улуттук рекорд коюлат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы мекемелерде иштеген ар кайсы эмгек жамааттарынан куралган 10 команда катышат.

"Ар бир команда 70 килограммдын тегерегинде боорсок бышырат. Ошондо бардыгы болуп 700 килограммдан ашык боорсок даярдалып, улуттук рекорд коюлат", — деп уюштуруу тобу маалымдады.

Ош шаарынын аянтындагы майрамдык иш-чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош мэриясы Ноорузда тартууланчу оюн-зоок программасын жарыялады
Ага ылайык, жасалган боорсок келген конокторго жана муктаж болгондорго таратылат.

Кыргыздын улуттук оюндары менен коштолгон салтанатка кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, 11-мартта Кыргызстанда бир тонна 462 килограмм бешбармак жасалып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракеттер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0