Бишкек — Ош жолу 22-мартка чейин түнкүсүн толугу менен жабылат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАвтомобильная дорога Чита-Хабаровск
Автомобильная дорога Чита-Хабаровск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим КР премьер-министринин буйругунун негизинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Бишкек — Ош унаа жолу “Сосновка”, “Арал” жана "Өтмөк" ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрүнө жабылды. Бул тууралуу ӨКМДин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим КР премьер-министринин буйругунун негизинде кабыл алынган.

Буга чейин да аталган жол 17-марттан 20-мартка чейин түнкүсүн жабылган.

Эске салсак, "Чычкан" капчыгайында 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылган. Атайын кызматтардын аракети менен көчкү тазаланып, унаа кыймылы 16-мартта кечинде кайра жанданган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0