Ош мэриясы Ноорузда тартууланчу оюн-зоок программасын жарыялады

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын аянтындагы майрамдык иш-чаралар. Архив
Ош шаарынын аянтындагы майрамдык иш-чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам концерттик программа менен коштолот

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы 21-марттагы "Нооруз" майрамына карата программа жарыялады.

Ага ылайык, 21-мартта эртең менентен тарта майрамдык иш-чара калаанын борбордук аянтында башталат.

Саат 9.00дө — Ош шаарынын борбордук аянтында "Нооруз — 2018" элдик майрам "Нооруз — элдик нарктын, баалуулуктардын кайра жаралуусунун негизи!" аттуу ураандын алдында театралдык оюн-зоок жана чоң программадагы концерт менен башталат.

11.30 — Айыл чарба техникумунун аянтында "Ыкчам боз үй тигүү" сынагынын финалы болуп, жеңүүчүлөр сыйланат.

11.45 — Ош улуттук драма театрында "Байыркы Ош баалуулуктары" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

12.00 — Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырган элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ал кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн концерттик программасы менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0