Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

© SputnikЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо токтотулат

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Энергетиктер жылуулук берүүнү 22-март күнү токтотуу сунушун шаар мэриясына киргизгенин Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сунуш 19-март күнү ТЭЦте Улуттук энергохолдинг, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасы, мэрия жана Кыргызгидрометтин өкүлдөрү катышкан көчмө жыйында жөнөтүлгөн.

"Эгер мэрия Нооруздан кийин жылуулукту өчүрүү чечимин кабыл алса, ал ишке ашат. Биз буйрук күтүп жатабыз", — дешти холдингден.

Шарт боюнча жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт. Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова жакынкы беш күн аралыгында күндүн табы жогору болорун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0