Оштогу мушташ: сатуучуга кол салган киши үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео интернетке жайылып кеткенден кийин милиция мушташ боюнча кылмыш ишин козгогон. Сатуучуну урган киши эки суткага камалып, андан кийин сот аны кое берүү чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы эмерек саткан дүкөндөрдүн бириндеги соодагерге кол салган кишини сот үй камагына чыгарды. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.

Драка в Оше: нападавший позволил дочке справить нужду в магазине? — видео - Sputnik Кыргызстан
Ошто мушташ чыгарган кишинин кызы дүкөндө заара ушатканбы? Видео
Кардар менен сатуучунун ортосундагы мушташ 4-мартта чыккан. Окуя тартылып калган видео интернетке жайылып кеткен. Анда бир эркек киши аялы менен кичинекей кызынын көзүнчө экинчисин уруп жатканын көрүүгө болот. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Кол салган киши дүкөндүн кызматкери жубайына орой мамиле жасаганы үчүн бир нече ирет уруп жибергенин моюндаган.

Сатуучу жеңил жаракат алгандыктан милиция Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбашчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Соодагерди урган киши эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды", — дешти милициядан.

Укук коргоо органдары тергөө иштерин улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0