Бишкектин бир катар аймактарында 20-мартта жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада трансформаторлор менен электр куурларына оңдоо иштерин жүргүзөт

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте шейшемби күнү, 20-мартта бир катар аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан маалымдашты.

Жарык берүү төмөнкү көчөлөрдө үзгүлтүккө учурайт:

— 9.00-17.00 — Карасаев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Уфимский, Гранитный тар көчөлөрү, "Ак-Бата" конушу;
— 9.00-18.00 — Осипенко, Тюменск, Подольский жана Волоколамский көчөлөрү, Кемеров тар көчөсү;
— 9.30-17.00 — "Учкун" конушу;
— 10.00-17.00 — Бельский, Рабочий көчөлөрү, "Келечек" (11-13-көчөлөрү) жана "Арча-Бешик" (Абдрахманов, Кызыл-Адыр, Набережная көчөлөрү) конуштары;
— 14.00-16.00 — Кожобергенов көчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0