Ош: элди Сирияга барып согушууга үгүттөгөн улан 5 жылга кесилди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары. Сирия. Архивй
Алеппо шаары. Сирия. Архивй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотто кылмышкер 2014-жылдын сентябрь айында Сириядагы куралдуу кагылышууга баргандыгы аныкталган

ОШ, 19-мар. — Sputnik. Ош шаардык соту Сирияда согуштук аракеттерге катышып келген 22 жаштагы уланды беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, камакка алынган киши Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун жашоочусу болгон.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык террордук топко мүчө болгон коңшу өлкөнүн жарандары кармалды
"2017-жылдын ноябрь айында Ош облустук милициянын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан Базар-Коргон районунун жашоочусу кармалган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 375 (жалданмачылык) жана 299-беренелери (экстремисттик материалдарды сактоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Эми Ош шаардык соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, ал беш жыл күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болду", — деди Аширбаев.

Сотто кылмышкер 2014-жылдын сентябрь айында Сириядагы куралдуу кагылышууга баргандыгы аныкталган.

"Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган "Жавхат-ан-Нусра" террористтик уюмунун катарында согушуп жүрүп, 2017-жылдын 17-ноябрында Туркиядан Стамбул — Бишкек авиакаттамы аркылуу Жалал-Абад облусунун аймагына келген", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле соттолгон киши Ош жана Жалал-Абад облусунун жашоочуларын Сириядагы согушка катышып жихад жасоого үгүттөп жүргөнү аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0