Россиядагы президенттик шайлоо: Кыргызстандагы шайлоо участкалары жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы президента России в Бишкеке
Выборы президента России в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого сегиз талапкер катышты

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Россиядагы президенттик шайлоого добуш берүү үчүн ачылган шайлоо участкалары жергиликтүү саат 20:00дө жабылды.

Бишкекте РФ президентин шайлайм деп келгендер 300-400 метрлик кезекке турушту - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте РФ президентин шайлайм деп келгендер 300-400 метрлик кезекке турушту
КРдин аймагында жалпысынан алты шайлоо участкасы — Бишкекте, Ошто, Кантта, Кара-Балтада, Караколдо, Чолпон-Атада эртең мененки саат 8:00дө ачылган. Бишкектеги Россиянын элчилигинин алдында добуш берүүгө келгендер 300-400 метрге чейин кезекке турушкан

Sputnik Кыргызстан добуш бергендердин саны боюнча маалыматка көз салып турат. Элчиликтен маалымдашкандай Бишкектеги шайлоо участкасында 6944 киши добуш берген. Оштогу №8162 шайлоо участкасында 2470 киши добушун бергенин Россиянын Оштогу башкы консулу, шайлоо участкасынын төрагасы Роман Свистин билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөткөн.

Россиянын президенти болууга сегиз киши ат салышууда. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин, Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский.

Жаңылыктар түрмөгү
0