Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет: атам үчүн өч алам деп атканды үйрөнгөм

© Фото / из личного архива Адилета Баяман уулуЭкс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев
Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Баяман Эркинбаев тирүү болгондо 51 жашка чыкмак

Баяман Эркинбаев убагында Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, эл аралык "Алыш" федерациясынын, "Палван" кайрымдуулук фондусунун негиздөөчүсү болгон. Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталган.

Анын уулу Адилет Баяман уулу ата жолу менен килемге түшпөсө да, ал негиздеген алыш күрөшүнүн жайылышына чоң салым кошуп келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдилет Баяман Эркинбаевдин тун баласы. Ата жолу менен килемге түшпөсө да, ал негиздеген алыш күрөшүнүн жайылышына чоң салым кошуп келет
Первый вице-президент Международной федерации борьбы Алыш, сын Баямана Эркинбаева Адилет Баяман уулу - Sputnik Кыргызстан
Адилет Баяман Эркинбаевдин тун баласы. Ата жолу менен килемге түшпөсө да, ал негиздеген алыш күрөшүнүн жайылышына чоң салым кошуп келет

Эл аралык "Алыш" федерациясынын биринчи вице-президенти Адилет Баяман уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, бала чагы, атасынын коомчулук билбеген таланты жана сагынычы тууралуу айтып берди.

— Быйыл алыш күрөшүн III Көчмөндөр оюну менен Индонезияда өтө турган Азия оюндары күтүп турат. Даярдыктар кандай болуп жатат, кандай иштер менен алектенип жатасыздар?

— Көчмөндөр оюнунда алыш боюнча дүйнө чемпионатын өткөрсөк, Азия оюндарында көрсөтмө оюн өтөт. Мындай маанилүү мелдештерге катышуу үчүн курама команданы жаңылап жатабыз. Ал үчүн жыл башында Кыргызстандын чемпионатын өткөргөнбүз. Бүгүн, 17-мартта, ыраматылык атам Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнир жыйынтыкталат. Жайында кыз-келиндер арасында "Курманжан Датка" аталышындагы мелдеш өтөт. Ушул үч этап менен мыкты балдарды тандайбыз деп ишенем.

© Фото / из личного архива Адилета Баяман уулуАдилет Баяман уулу: бой жеткенде атанын сөзү керек экен. Көп нерсени аял кишиге айта албайт экенсиң. Баары жакшы, анда-санда ушуну ойлоп өксүп калам
Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Адилет Баяман уулу: бой жеткенде атанын сөзү керек экен. Көп нерсени аял кишиге айта албайт экенсиң. Баары жакшы, анда-санда ушуну ойлоп өксүп калам

— Көчмөндөр оюнунда канча медаль алууну көздөп жатасыздар?

— II Көчмөндөр оюнунда командалык эсеп боюнча түркмөн балбандарынан утулуп калганбыз. Алар тогуз алтын медалга ээ болушкан. Башында медалды кыргыздар берчү эмес. 2005-жылдары ирандын балбандары күчтүү чыга баштады. 2010-жылы европа мамлекети кошулуп молдован, сербдер мыктылыгын көрсөттү. Учурда түркмөндөр кыйын болсо, ирандын кыздары алдыга киши салдырбайт. Бирок атаандаштардан ашып түшкөнгө аракет кылабыз.

— Негиздөөчүлөрдүн алыш күрөшүн Олимпиада оюндарына киргизүү аракети күч деп айтып калышат…

— Муну 2001-жылы эле ыраматылык атам Баяман Эркинбаев пландаптыр. Айрым замандаштары күлчү экен. Жашоодогу башкы милдетим — атамдын аруу тилегин орундатып, алышты дүйнөлүк аренага таанытуу. 2008-жылы алыш Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) катарына, 2017-жылы Азия оюндарынын программасына кирди. Эми Олимпиада оюндарына киргизүү аракети чоң. Бул үчүн мамлекеттен да ири колдоо керек. Маселен 2013-жылы ирандар улуттук күрөшү боюнча дүйнө биринчилигин уюштурган. Биринчи кезекте алардын өлкө башчысы колдоого алган. Эми алар бизге атаандаш болду. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиадада көргөзмө оюн катары тартууласак, 2024-2028 жылдары расмий түрдө киребиз деген план бар. Алышта кыз-келиндердин мүмкүнчүлүгү чоң. Спорттогу тең салмактык деген бар. Алышты кыздардын спорту катары карап жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаяман уулу: Азыр деле күрөшүп, алышты көргөндө килемге чуркап чыккым келет. Бирок залда машыгып, жыйынтык көрсөтүп жүрө берсем, алышты жайылтуу иши артта калып калчудай
Первый вице-президент Международной федерации борьбы Алыш, сын Баямана Эркинбаева Адилет Баяман уулу - Sputnik Кыргызстан
Баяман уулу: Азыр деле күрөшүп, алышты көргөндө килемге чуркап чыккым келет. Бирок залда машыгып, жыйынтык көрсөтүп жүрө берсем, алышты жайылтуу иши артта калып калчудай

— 21 жашыңызда Эл аралык алыш федерациясынын биринчи вице-президенти кызматын жетектедиңиз. Тажрыйба жагынан аксаган учурлар болдубу?

— Жаңы иштеп баштаганда "жаш экен, көп нерсени түшүнбөйт" деп айтышкан. Ага макул болбой урушуп-талашкан учур болду. Мен кичинемден спорт менен чоңойгом. Атам экөөбүздүн сүйлөшкөн темабыз да спорт эле. Андыктан түшүнүгүм жетиштүү болду деп ойлойм. Жумушумда эки жылдай келишпестиктер болду. Кийин кесиптештерим түшүнүү менен кабыл алып калышты.

— Эмнеге атаңыздай болуп килем бетине чыкпай, алыш күрөшүнүн уюштуруу иштери менен алектенип калдыңыз?

Спортсмен из Кыргызстана Базар Базаргуруев - Sputnik Кыргызстан
10 жылдан соң Олимпиаданын колосун алган балбан Базар Базаргуруев тууралуу 5 факты
— Кенедейимен эркин күрөш менен алектенип, Кыргызстандын чемпиону аталдым. Атам каза болгондо апам мени Иранга жөнөтүп ийди. Бир жарым жыл ал жакта жашап, машыгып, жергиликтүү спорт клубдун атынан күрөшүп жүрдүм. Апам анда "Иран машыгуу өткөргөнгө ыңгайлуу жер" деп айткан. Эми ойлосом, биздин үй-бүлөгө ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болчу экен.

Азыр деле күрөшүп, алышты көргөндө килемге чуркап чыккым келет. Бирок жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Эгерде залда машыгып, жыйынтык көрсөтүп жүрө берсем, алышты жайылтуу иши артта калып калчудай. Айына 3-4 жолу командировкага чыгам. Үйдө бир күн болсом, бир күн жокмун. Атам алыш күрөшүн негиздесе, мен аягына чыгарышым керек. Азыр килемде эмес, стол үстүндө күрөшүп келем.

© Фото / из личного архива Адилета Баяман уулуМаркум балбан Баяман Эркинбаев кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталып, атагы Орто Азияны дүңгүрөтүп турган
Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Маркум балбан Баяман Эркинбаев кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталып, атагы Орто Азияны дүңгүрөтүп турган

— Атаңызды көрүп билген адамдар ага окшоштуруп, жашып алат деп угам. Атаңыздын жүгү сиз үчүн оор сезилбейби?

— Оор деп кантип айтам. Атамдын калган ишти улантуу, Баяман Эркинбаевдин уулу деген атты татыктуу алып жүрүү менин милдетим. Көбү сырткы келбетимди окшоштурат. Мүнөзүмдү да окшоштургандар жок эмес. Бирок ал катаал адам болчу. Атамдын костюмдары эмдигиче бар. Кээде кийип алам. Чапчак келет десеңиз. Анан апам "ай иий, мынча не окшошсуң…" деп атамды көргөндөй чочуп кетет.

© Фото / Адилет Баяман уулуАдилет Баяман уулу апасы, вице-премьер Чолпон Султанбекова менен
Первый вице-президент Международной федерации борьбы Алыш, сын Баямана Эркинбаева Адилет Баяман уулу с матерью Чолпон Султанбековой - Sputnik Кыргызстан
Адилет Баяман уулу апасы, вице-премьер Чолпон Султанбекова менен

— Атадан 13 жашыңызда ажыраган экенсиз. Ага байланыштуу кайсы окуяларды көп эстейсиз?

— Билсеңиздер керек, Ошто той өтсө күрөш да уюштурулат. Эсимде, 5-классымда сарайга алып барып күрөштүрдү. Ал жактан 5-6 балбанды жыктым. Аягында элди айланып чаканын ичине акча чогултмай бар эле. Анан четке чыгып алып акчаны жанталашып санай баштадым. Атамды карасам эмнегедир маанайы жок. Унчукпай машинеге отурдук. Бир маалда "уялбайсыңбы, сен эмнеге акча санаганга шашасың, бул балбандын тарбиясы эмес" деп урушту. Ошондо балбан акчаны эмес, тартипти биринчи орунга коюшу керек экендигин түшүндүм.

Студент кезиндеги блокноту сакталуу. Ага өз ойлорун, ырларын жазып жүрчү экен. Атам сыртынан катаал көрүнгөнү менен чыгармачыл да адам экен. Каза болгондон кийин кийимдерин салыштырып жатып таап алгам. Биз таланттуу экенин көзү өткөндөн кийин билип атпайбызбы…

Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өз киндигин өзү кескен Шайлообек Дүйшеев. Акын тууралуу 5 факты
Майрамдарда иним Байырбек экөөбүздү паркка жөнөткөндө дайыма 50 сомдон берип, "беш сом балмуздакка, 20 сом селкинчекке, калганы тамагыңарга, анан ашкан үч сомду кайрып келгиле" дечү.

Түркияга көп барчубуз. Аэропортко келсек иним экөөбүз балмуздак жегибиз келип калды. Дүкөнгө барсак аныбыз бир топ акча болуп кетти. Атам "балдарым, мындан көрө силерге Ошко барганда кой алып союп берем" деди. Макул деп эле кетип калдык. Ушунчалык сарамжалдуу киши эле.

Бой жеткенде атанын сөзү керек экен. Көп нерсени аял кишиге айта албайт экенсиң. Баары жакшы, анда санда ушуну ойлоп өксүп калам. Сагынам. Күндө артымды карап күтөм. Эмне иш кылбайын, баары атам менен байланыштуу. Ошко барсам атамдан калган ишкерлик, башымды жаздыкка койсом атамдын үйү, килем үстүндө күрөшүп жатсам атамдын элеси. Сөөгү "Ала-Арчага" коюлган. Мүрзөсүнө барып, куран окутуп жеңилдеп турам. Элесин такыр унутпайм. Мурда түшүмө көп кирчү. Азыр мелдештерде, чоң иш-чараларда караанын көрүп калам.

© Фото / из личного архива Адилета Баяман уулуБалбан Баяман Эркинбаев убагында ЖКнын үч жолку депутаты болгон
Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Балбан Баяман Эркинбаев убагында ЖКнын үч жолку депутаты болгон

— Апаңыз атаңызга байланыштуу окуяларды көп айтып берсе керек?

— Экөө биринчи жолу телеграфтан көрүшүптүр. Атам апамды колунан тартып, мени менен таанышасың деп эле мажбурлаптыр. Апам "Баямандан коркконуман эле эки жыл сүйлөшүп жүрдүм" деп айтканы бар. Бир күнү атам ыр аралаштырып кат жазган экен. Ошондон кийин апам жакшы көрүп калып, экөө чоң сүйүүнү баштан кечиришкен экен.

— Эми Чолпон Аалыевна Баяман мырзанын ордун башкага алмаштыра албаса керек?

— Ислам дининде аял күйөөсү каза болгондон кийин боюнда болбосо төрт ай он күндөн кийин турмушка чыгууга уруксат экен. Апама "көңүлүңүзгө жаккан адам болсо жалгыз калбаңыз" деп мурда эле айткам. Апам атамдын ордун баса турган киши тапса, каршы эмесмин. Андай киши барбы, билбейм.

— Баяман мырза киши колдуу болбодубу. Сурайын дегеним, көкүрөгүңүздө кек сакталып калган жокпу?

— Жаш кезимде атам үчүн өч алам деп ок атканды үйрөнүп жүрдүм. Азыр туура эмес кылгам деп ойлойм. Атамдын өлүмүнө буйрук берген кишилер эмдигиче жоопко тартылбай, аткарган кишилер гана жазасын тартып жатат. Күнөөлүүлөрдү кудайга койдум. Алар бул дүйнөдөн жазага тартылбаса да, тиги дүйнөдө жооп берет.

© Sputnik / Табылды КадырбековАдилет Баяман уулу: атамдын өлүмүнө буйрук берген кишилер эмдигиче жоопко тартылбай, аткарган кишилер гана жазасын тартып жатат. Күнөөлүүлөрдү кудайга койдум
Первый вице-президент Международной федерации борьбы Алыш, сын Баямана Эркинбаева Адилет Баяман уулу - Sputnik Кыргызстан
Адилет Баяман уулу: атамдын өлүмүнө буйрук берген кишилер эмдигиче жоопко тартылбай, аткарган кишилер гана жазасын тартып жатат. Күнөөлүүлөрдү кудайга койдум

— Атаңызды криминалдык иштерге катыштыгы болгон деген пикирге кандай көз караштасыз?

WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Аманбеков: "депутаттын баласымын" деп апамдын атын колдонбойм
— 2010-жылы болгон өзбек-кыргыз элинин кагылышына элдин бардыгы күбө. Азыр көп адамдар "Баяман тирүү болсо бул нерсе болбойт эле" деп калышат. Мен дагы атам тирүү болгондо кан төгүүлөр болбойт эле деп ойлойм. Ал барда эки эл биримдикте, ынтымакта өмүр сүрчү. Атам бир гана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Караларга аралашкан деген пикирге кошулбайм. Атам ЖКнын үч жолку депутаты, спорттун меценаты эле да. Эли-жери үчүн күйгөн адамдарды көбү криминалга аралаштыгы бар деп ойлойт.

— Сиз үйдүн улуусу болушуңуз керек?

— Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Байырбек аттуу иним менен Диана аттуу карындашым бар. Байырбек азыр Россияда билим алып, мамлекеттик кызматта иштейт. Ал эми карындашым азыр студент, ал апама жардам берип жүрөт.

— Эртерээк үйлөндүңүз окшойт?

— Кудайдын буйругу экен. Бир уул, бир кыздын атасымын.

— Өкүл атаңыз ишкер, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов экени чынбы?

— Ооба, ал киши мыкты меценат экендигин билесиздер. Биздин алыш күрөшкө дагы жакшы жардам берип жүрөт. Абдан жакшы мамиледебиз. Көп нерсени ошол киши менен акылдашам.

© Фото / из личного архива Адилета Баяман уулуАдилет Кореядагы иш сапары тууралуу: жогорку кызматта отуруп Олимпиада комитети кай жактан каржылана тургандыгын билбегенди компетентсиз деп ойлойм.
Первый вице-президент Международной федерации борьбы Алыш, сын Баямана Эркинбаева Адилет Баяман уулу - Sputnik Кыргызстан
Адилет Кореядагы иш сапары тууралуу: жогорку кызматта отуруп Олимпиада комитети кай жактан каржылана тургандыгын билбегенди компетентсиз деп ойлойм.

— Жакында эде Кореяда кышкы Олимпиада оюндары өттү. Ал жакка спортчулар менен кошо Олимпиада комитетинин кызматкери катары сиз да баргансыз. Интернет колдонуучулар эмне үчүн кызматкерлер мамлекеттин эсебинен барышы керек деген талкуу жаратты эле?

— Улуттук Олимпиада комитети мамлекеттин чөнтөгүнөн эмес, Эл аралык олимпиада комитетининин бюджетинен каржыланат. Кореяга Кыргызстандын атынан эки спортчу, эки машыктыруучу жана комитеттин эки кызматкери бардык. Спортчулар даярдануу менен алек болсо, биз аларды машыга турчу жай, мейманкана, тамак-аш менен камсыздап беришибиз керек. Ошон үчүн мен лыжачы Тариэл Жаркымбаевге, дагы бир кызматкер Алия Калыбекова Евгений Тимофеевге жоопкер болгонбуз. Мен интернеттеги комментарийлерди окудум. Парламентте отургандар да сын айтты. Жогорку кызматта отуруп Олимпиада комитети кай жактан каржылана тургандыгын билбегенди компетентсиз деп ойлойм.

— Атаңыз мурда ЖКнын депутаты болсо, учурда апаңыз Чолпон Султанбекова — вице-премьер. Сизде да саясатка аралашайын деген ой барбы?

— Максатым — мамлекетке кызмат кылуу. Эгер ыңгайы болсо саясатка барганга эмнеге болбосун.

Жаңылыктар түрмөгү
0