12:20 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8114
  • EUR77.7804
  • RUB1.0971
КТРК телеканалынын логотиби. Архив

Ашкере сындан улам КТРК "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн жапты

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
123311

Ашкере сындан улам КТРК "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн жапты

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. КТРКнын "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсү эфирге чыкпай турган болду. Бул туурасында телеканалдын директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Буга чейин "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүнө конокко барган ырчы Клара Алибекова жана "Чыпалак баатыр" боюнча видео интернет булактарында катуу сынга алынган.

"Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон экен. Бирок бул көрсөтүүнү жана "Чыпалак баатыр" жөнүндө болгон окуяны мен дагы туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып, жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирин эске алуу менен "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алдым", — деп жазган Карыпбеков.

Билдирүүдө тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөрүн дыкаттык менен каралып, эфирге чыгарылары айтылат. Карыпбеков көрсөтүүнүн концепциясын, алып баруучуларын кайра карап чыгып, көркөм кеңештин кароосуна жөнөтүлүүсү сунушталганын кошумчалады.

Соңунда телеканалдын директору конструктивдүү сын-пикир берип, көрсөтүүлөрдүн жакшыруусуна чоң салым кошуп жаткан көрөмандарына ыраазычылык билдирген.

Тема боюнча

Илим Карыпбеков диктор Канат Авазбековдун фашисттик костюмуна түшүндүрмө берди
ЖКнын маалымат кызматы КТРК жетекчисинин сынына жооп берип, комитеттик угууга чакырды
Белгилер:
сын, КТРК, Илим Карыпбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ