Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

Жазылуу
Бир жыл ичинде республика көрсөткүчүн жакшыртып, алты сапка жогорулаган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. БУУнун туруктуу өнүктүрүү жолун издөө боюнча бөлүмү эң бактылуу өлкөлөрдү аныктаган The World Happiness Report аттуу докладын жарыялады.

Рейтингге 156 мамлекет кирген. Кайгы-муңу жок өлкө катары биринчи ирет Финляндия аталды. Былтыр алдыңкы сапта турган Норвегия экинчи орунга түшүп, үчтүктү Дания жыйынтыктап турат. Төртүнчү менен бешинчи катарды Исландия менен Швейцария ээлеген. Ондукка Нидераланддар, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия кирди.

​Кыргызстан быйыл рейтингдин 92-сабына илинген, былтыр 98-орунда болчу.

Тамаш-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусунда тоё тамак жешет? Рейтинг
Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен 44-орунда турган Өзбекстан алдыда келе жатат. Анын артында 60-сапты ээлеп Казакстан бар. Түркмөнстан 59-орундан 68-орунга жылып кеткен. Тажикстан бир жыл ичинде 16 сапка көтөрүлүп 80-орунду ээледи.

"Эң эле бактысыз" болуп Түштүк Судан (154-орун), Борбордук Африка республикасы (155-орун) жана Бурунди (156-орун) эсептелди.

Рейтинг түзүүдө киши башына эсептелчү ИДП, жашоонун узактыгы, оор кырдаалда социалдык колдоо көрсөтүү, өкмөткө болгон ишеним, чечим кабыл алуудагы эркиндиктин бааланышы сыяктуу факторлор эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0