Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочулары окшош форма киет. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОбщественный транспорт в Бишкеке
Общественный транспорт в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочуларды тийиштүү форма менен камсыздоо авто ишканалардын жетекчилеринин бардыгына тапшырылды

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочулары бирдей форма киерин шаардык Транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, айдоочуларга фирманын аты жана Бишкек шаарынын символу түшүрүлгөн күрмө берилет. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочуларынын формасы
Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочуларынын формасы

Форманы биринчилерден болуп №: 100, 101, 147, 192, 193 маршруттук таксилердин айдоочулары кийди. Ошондой эле троллейбус менен автобустардын айдоочуларына да жыл мезгиле жараша форма берүү каралууда. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочулары
Единая форма для водителей маршрутки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы коомдук транспорттун айдоочулары

"Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын тийиштүү форма менен камсыздоо авто ишканалардын жетекчилеринин бардыгына тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары айдоочулардын тышкы көрүнүшүн көзөмөлгө алуу тапшырылды. Ага ылайык, кийимдер консервативдик-классикалык түрдө болушу кажет жана ишке спорттук күрмөчөн жана спорттук бут кийимчен чыгууга жол берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0