Депутат ТЭЦке орнотулган видеокамералардын сүрөтүн жарыялады

Жазылуу
"Электр станциялары" ААКы ТЭЦтин аймагына жалпы баасы 38 400 доллар болгон 128 камера орнотулганын жарыялаган

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, ТЭЦтеги аварияны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов аталган мекемеге бүгүн барып, орнотулган видеокамераларды көрүп, сүрөттөрүн Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ТЭЦте иш жүзүндө 123 видеокамера коюлса, алардын 8и гана ысыкка чыдамдуу, калгандары кадимки эле көзөмөлдөө үчүн коюлган видеокамералар.

"Бүгүн ТЭЦке барып, ишкананын жетекчилиги жана ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен кыдырдык. Иш жүзүндө 123 даана камера орнотулуптур. Анын ичинен барабан менен казан мештер турган жерге сегиз гана атайын видеокамера коюлган. Калгандары кадимки эле камералар", — деп жазган депутат.

Эске салсак, ТЭЦке ар бири 14 500 доллардан болгон видеокамералар коюлганы боюнча маалымат тараган. Кийин "Электр станциялары" ААКы аны төгүнгө чыгарып, ысыкка жана суукка чыдамдуу болгон атайын видеокамералардын баасы 300 доллардан экенин айтып, ТЭЦтин аймагына жалпысы 128 камера коюлганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0