Бишкек — Ош жолундагы көчкүнүн эки жагында турган элди дарыгерлер карап жатат

© Фото / пресс-служба МЧС Сход лавины в ущелье "Чычкан" на автодороге Бишкек — Ош
Сход лавины в ущелье Чычкан на автодороге Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан дарыгерлерге 21 адам кайрылган

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымындагы "Көчкүлүү булак" тилкесинде түндө түшкөн көчкүнүн эки жагында тез жардам күзөтү уюштурулуп, Токтогул районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери элге жардам көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, түндө болжол менен саат 22.40тарда "Чычкан" капчыгайына 2,5 миллион куб метр кар көчкү түшүп, узундугу 250, бийиктиги 50 метрди түздү. Транспорт министрлиги жолду тазалоо иштерине үч күндүк убакыт кетерин айтып жүрүп, көчкүнүн эки тарабында унаалар токтоп турганын маалымдады.

"Дары-дармек жетиштүү. Жалпы жонунан дарыгерлерге 21 бейтап кайрылды, алар негизинен кан басымы көтөрүлгөндөр. Мындан тышкары, Токтогул районунун аймактык ооруканасына жарандарды кабыл алуу үчүн 15 керебет дайындалып, кошумча медайымдардын бригадасы түзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик ооруканага 68 жаштагы бейтап кайрылганын, ал Бишкек шаарына экинчи ирет операция жасатуу үчүн келе жатканын кошумчалады. Ушу тапта хирургия бөлүмүнө жаткырылып, абалы туруктуу деп бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0