Бишкек ТЭЦин ким кайтара турганы белгилүү болду

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында борбор калааны жылуулук менен камсыздоочу борбордо авария болгон

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Депутаттык комиссия ТЭЦтеги авария боюнча кезектеги 5-жыйынга чогулуп тийиштүү жетекчилерге суроо салды.

Депутат Алмазбек Токторов ТЭЦтин аймагы ким тарабынан кайтарыла турганына кызыкты.

"Бишкек ТЭЦинин аймагын ким кайтарат? Жеке тараптарбы, же мамлекетпи?" — деп суроо берди эл өкүлү.

Мекеменин жетекчиси Андрей Воропаев жылуулук борборунун аймагы ведомстволук аскерлештирилген отряд тарабынан кайтарыла турганын айтты.

ТЭЦтин аймагына кимдер кирүүгө укуктуу деген суроого Воропаев станциянын жана "Электр станциялары" ААКтын кызматкерлери укуктуу экенин айтты. Ошондой эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүчү компаниянын өкүлдөрү көзөмөл алдында ишин жасай турганын билдирди.

Видеобайкоо камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ишканасы 14 500 долларлык видеокамералар боюнча үн катты
Депутат, андан сырткары, "Электр станциялары" ААКтын жетекчисинин орун басары эмне үчүн кармалганын билер-билбесине кызыкты эле, Воропаев билбей турганын айтты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январында көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепети 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.

"Электр станциялары" ААКтын жетекчисинин орун басары атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0