Белгилүү актер Ашыр Чокубаевдин сөөгү жерге берилди

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүМусульманское кладбище
Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл артисти "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Эскерте кетсек, белгилүү актер 11-март күнү 71 жашында узак оорудан улам каза тапкан.

Сбор труппы МХТ им. А. П. Чехова - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү актер жана режиссер Олег Табаков көз жумду
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтүп, ага ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер келишти. 

Чокубаев Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму", Тынчылык Разаковдун "Нокдаун" сыяктуу белгилүү фильмдеринде роль жараткан. Анын катышуусу менен тартылган Алексей Студинскийдин "Парижге жол" жана Леонид Осыканын "Захар бүркүт" тасмалары советтик жана улуттук кинонун Алтын фондусуна кирген.

Актер сахнада да көптөгөн мыкты образдарды жаратты. Алсак, "Эзоп", "Саманчынын жолу", "Ромео жана Джульетта", "Азоого чалма", "Ар бир үйдө майрам", "Бий мугалими", "Жыгылган оогонго күлөт" спектаклдериндеги жараткан образдары көрүүчүлөрдүн эсинде калды.

Чокубаев акыркы жылдарда катышкан эң ири долбоор режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы болгон.

Актер коңшу Казакстанда дагы "Китеп", "Көчмөндөр", "Жамбыл" сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0