ӨКМ Төө-Ашуудагы тоннель тууралуу билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековТрасса Бишкек-Ош, туннель имени К. Кольбаева
Трасса Бишкек-Ош, туннель имени К. Кольбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, жеринде жардам берүү үчүн куткаруучулар менен Тез жардым бригадасы нөөмөттө турганын белгиледи.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жайгашкан Кусаин Көлбаев атындагы тоннель өз калыбында иштеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 12-март күнү Whatsapp мессенджери аркылуу аталган тоннелдин урап түшүп, унаа каттамы токтотулганы тууралуу билдирүү тараган.

"Тоннель штаттык режимде иштеп жатат. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, жеринде жардам берүү үчүн ӨКМ куткаруучулары, ИИМ, Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен бирге Тез жардам бригадасы нөөмөттө турат. Тоннель урап калды деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Тоннелдин учурда кадимки тартипте иштеп жатканын онлайн режимде көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0