Жээнбеков 113 миң долларын алдаткан япон жаранынын ишине кийлигишти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР
Рабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япон жараны Матсуда Синдзи азиздер үчүн окуу борборун ачуу үчүн кыргызстандык аялга ири суммадагы акча жиберген

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ири суммадагы акчасын алдатып жиберген япон жараны Матсуда Синдзинин ишинин чоо-жайына кызыкканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Япониянын "Кыял" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Матсуда Синдзи президентке кайрылганы жарыяланган. Ал Жээнбековдон ишин жеке көзөмөлгө алуусун суранып, фонддун акчасын кайтарып берүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн айткан. Маалыматта Кыргызстандын жараны Элмира Эмилканова япониялык жарандар тарабынан негизделген кайрымдуулук фонддун акчасын өзүнө ыйгарып алганы, ал эми соттор акыйкат чечим чыгарбай жаткандыгы белгиленген.

ИИМ кызматкерлеринин погондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңеши укук коргоо орган жетекчилеринин мүлкүн текшерет
2018-жылдын 19-февралында Япониянын "Кыял" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Матсуда Синдзинин кайрылуусу боюнча мурда козголгон кылмыш иши иликтөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн кайра кайтарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук прокурорунун улук жардамчылары Доктурбеков менен Сооронкулов тартип жоопкерчилигине тартылышты.

Аталган кайрылууну карап чыгып, материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Япониянын жараны Матсуда Синдзинин жүйөлөрү ырасталгандыгын аныктаган.

"Инклюзивное образование" коомдук фондусунун директору Элнура Эмилканова япониялык жаран Матсуда Синдзи менен таанышып, ишенимине кирген. Андан соң азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында батир сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83 миң 10 доллар алган.

"Бул каражатка Эмилканова Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүнөн батир сатып алып, өзүнө каттатып, жабыркаган тараптын көзүн будамайлаган. Андан тышкары, 2015-жылдын 3-августунда Эмилканова жабыркаган жарандан квартиранын ремонту, техника, жабдуу сатып алуу жана канатташ аймакты көрктөндүрүү үчүн деген шылтоо менен 3 миң 10 долларын кошумча түрдө алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бардык каражат максатсыз жумшалгандыгын билип, Синдзи квартираны "Empower Blind People" коомдук бирикмесине каттатып, калган акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Эмилканова аталган талапты аткарбагандан кийин Япониянын жараны Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылган.

Иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Тергөөчү Аманалиев ишти "ири көлөмдөгү көз боемочулук" катары кайра карап, бирок жабыркаган жарандын арызы боюнча "өтө ири көлөмдөгү көз боемочулук" катары квалификацияланган.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Бюджеттен 217 млн. сомдун уурдалышы боюнча салыкчылар кармалды
Мамлекеттик айыптоочу Сооронкулов Матсуда Синдзинин иликтөөнүн жүрүшүндө кетирилген КР кылмыш кодексинин бузулушун жоюу үчүн кайра иликтөөгө жөнөтүү боюнча арызын колдогон эмес.

Япониянын жараны президентке кайрылгандан кийин Коопсуздук кеңеши буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөнү тактап көрүп, Биринчи Май райондук прокурорунун улук жардамчылары Доктурбеков менен Сооронкуловду жоопкерчиликке тартты.

2018-жылдын 19-февралында сот жыйынында мамлекеттик айыптоочунун иликтөөнүн кемчиликтерин жоюу үчүн кылмыш ишин кайра иликтөөгө жөнөтүү тууралуу арызы канааттандырылды.

Мындан аркы иликтөөнүн жүрүшү Коопсуздук кеңешинин көзмөлүнө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0