ТИМ: Түркияда мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архивное фото
Ооруканадагы бейтап. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган жарандын эжеси Түркияга барууга камданууда

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында чыккан өрттөн жабыркап, 5-кабаттан кулаган кыргызстандык М.Ж. кызынын абалы дагы деле оор экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"ТИМдин Консулдук департаментинин кызматкерлери Кыргызстандагы туугандары менен байланышта. Акыркы маалымат боюнча жабыркаган жарандын эжеси Түркияга барууга камданууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-мартта Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында өрт чыгып, андан коргонуу максатында терезеден коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган кыз 5-кабаттан кулап унаанын үстүнө түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0