Ашыр Чокубаевдин сөөгү жерге бериле турган күн айтылды

© Facebook/ Aitysh FilmКыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев. Архив
Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актердун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

БИШКЕК, 12-Мар. — Sputnik. Эл артисти Ашыр Чокубаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 13-мартта, Улуттук драма театрында болорун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, белгилүү актер жекшемби күнү таңкы саат беште узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

"Аза күтүү иш-чарасы Улуттук драма театрында саат 10.00дө башталат. Чокубаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Актер быйыл 71 жашка чыкмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0