Бир жумада мас болуп машина айдап жүргөн 334 киши кармалды

Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактап, этият болууга чакырат

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) бир жумада өлкө аймагында 23 567 жол эрежеси бузулганын аныктады.

Андан сырткары, 223 567ден ашык административдик эреже бузулган.

"334 айдоочу мас абалында, 477 киши тийиштүү документи жок машина айдап жүгөн", — деп айтылат маалыматта.

Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксист унаасын мас абалында айдаганбы? Видео
Ошондой эле катуу ылдамдыкта машина айдаган 3 377 киши, коопсуздук курун тагынбаган 5 034 айдоочу кармалган. Түрдүү жол эрежелерин бузгандыктан 1 134 автоунаа айып короого токтотулган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактап, этият болууга чакырат.

Айрым учурда инспекторлор жол эрежесин бузган кесиптештерин да айыпка жыгат. Мындай окуя Кыргызстанда да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0