Көрктүү Бишкек көп кабаттуу үйлөрдүн шаарына айланганда. Кейиткен видео

Жазылуу
Мэрия бактардын кыйылып жаткан себебин авариялык кырдаалдарга жана жолдорду кеңейтүү иштерине байланыштырган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Facebook тармагынын колдонуучусу Чынара Болотбекова өздүк баракчасына Бишкек шаарында кыйылып жаткан бактар тууралуу кейиткен видеоролик жүктөгөн.

Музыка коштогон роликтин башында жашыл бактар курчаган калаанын архивдик кадрларын көрүүгө болот. Андан соң көрүүчүлөргө тротуарларда кыйылып жаткан бактар менен заманбап Бишкектин видеосу тартууланган.

"Качандыр бир кезде калаабыз ушундай кооз эле, азыр анын баары талкаланып жок болууда. Бактар азайгандан азайып, аба булганууда", — деп жазган Болотбекова.

Буга чейин экоактивисттер калаанын айрым жерлерине абанын булгануусун көзөмөлдөгөн заманбап датчиктерди орнотушуп, ага карата акысыз мобилдик тиркеме да иштеп чыгышкан.

Андан соң өкмөт башчы Сапар Исаков да булганган абага көңүлүн буруп, экологиялык абалды жакшыртуу максатында атайын жумушчу жыйын өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0