23:57 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Коом

Фотофакт: бир тоннадан ашык бешбармак бир казанга батканда

Кыскача шилтеме алуу
341960
Бир тоннадан ашык бешбармак бир казанга батканда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бишкекте бир тоннадан ашык бешбармак, 117 кулач чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү өттү

Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу, 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген. Натыйжада пландалгандан ашып түшүп бешбармактын салмагы 1464 килограммга чыкса, чучук 117 кулачты түздү. Даяр болгон тамактар келген элге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди.

Улуттук тамакты даярдоого буга чейин 8 жылкы союлган. Бирок ашыгы менен болсун деп кошумча дагы бир жылкы союлганы айтылды. Тарыхый күнгө катышууга келгендердин саны 5000ге чукулдады.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда 765 килограмм бешбармак, 100 метр чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Ал эми Өзбекстанда 6 тонна палоо жасалган. 

Тема боюнча

Бир тонна бешбармактын эти кантип даярдалууда? Видео
Белгилер:
тамак, чучук, бешбармак, Гиннес китеби, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ