09:15 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом

Фотофакт: Бишкектин Шопоков көчөсүнө үч паркомат орнотулуп иштей баштады

Кыскача шилтеме алуу
425 0 0
Установка паркоматов в Бишкеке
© Sputnik / Эламан Карымшаков

Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайга үч паркомат орнотулган.

Өткөн жылдын башында мэриянын сынак комиссиясы автоматташтырылган паркинг үчүн Шопоковдун Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн бөлүп берген. Аны конкурстан утуп алган жеке ишкер Сергей Попов ижарага алып иштетмей болгон. Андан соң Шопоковдун Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайларга акы төлөнө баштаган.

Бир унааны токтотуу үчүн алгач 40 сом алынат. Алгачкы 15 мүнөт бекер болмокчу. Азырынча жаңы жайда унаалардын токтотулушун тескөөчү адамдар да иштеп жатат.

Мындан тышкары, саатына төлөм алуу кызматы да ишке кирмекчи, баасы болжол менен 25 сом болору аныкталды.

Жердин ижарасынан мэрияга жылына эки миллион сомдон ашуун каражат түшөрү айтылат.

Тема боюнча

ЦУМдагы унаа токтотуучу жайына акы төлөнө баштады
Каракол шаарында көчө радиосу иштей баштады
Белгилер:
ижара, паркомат, унаа токтотуучу жай, Шопоков

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ