Кажыбас кайратыңар бизди бийик максаттарга жетелейт! Президенттин куттуктоосу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков посетил социальное стационарное учреждение для престарелых и инвалидов в селе Нижне-Серафимовка
Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков посетил социальное стационарное учреждение для престарелых и инвалидов в селе Нижне-Серафимовка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы кыргызстандык айымдарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалады

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык аялдарды 8-март майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздер мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат", — деп айтылат куттуктоодо.

Поздравление милиционеров дам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айып ордуна гүл сунуп... Жол инспекторлору айдоочу айымдарды куттуктады
Президенттин айтымында, аялдар бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатканы баа жеткис.

"Силердин кажыбас кайратыңар, турмуштук активдүү позицияңар бизди ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат", — деди президент.

Куттуктоосунун аягында өклө башчысы кыргызстандык айымдарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0