14:31 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Улуттук кийим кийген аял. Архивдик сүрөт

Ай чырайлуу ача тил, суу мурун сөпөк. Аялзатын кандай аташкан

© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
Коом
Кыскача шилтеме алуу
413 0 0

8-март аялдардын эл аралык майрам күнү кыргыз элинде кыз-келиндерге, дегеле аялзатына айтылган сыпаттоолор, мүнөздөмөлөрдү окурмандарга тартуулоонуп эп көрдүк.

Бул аталыштар "Кыргыздар" томдугунан алынды.

Алтын согончок, жез шыргый

Аялзатынын эң мыктысы. Көрк-келбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңешип, аны кадырлап-барктап, ызаат кылышкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси алтын согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, асемдүү жез бакан койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез шыргый үйгө көрк берип турган. Демек, бардык жактан мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн тиреги дешкени.

Аркар эмчек, агылгөй тараз

Бала-бакыралуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны келишимдүү аркарга теңешкен. Зайып затына тиешелүү акыл-эстен да ашыгыраак акылга эгедер болгондон улам акылгөй атанган. Элге, тууганга мамилеси дайыма адамгерчиликтүү аял.

Ак көрпө жайыл

Жүрүм-туруму айыпсыз, баш кошкон эрин абдан кадырлайт. Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Өзү оор басырыктуу, келбети келишкен. Ата салтын, каада, үрп-адатты жакшы билет. Үйүнө кадыр-барктуу меймандар көп келет. Эри дайыма зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши дайыма алга жылат.

В течение всего мероприятия организаторы знакомили зрителей с традициями кыргызского народа и особенностями кочевой жизни
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак

Ак жоолук делбир

Ашкере чырайлуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл эриндери, койкойгон мойну бирине-бири төп келет. Өрүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү сымбатын арттырып турат. Келбетинен кемтик таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй оокатына тың, бүйрө.

Жайыл дасторкон

Колу ачык, пейили кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт. Дасторкону дайыма жайылуу, аш-тамагы жайнап турганы турган. Келим-кетими көп. Колунан көөрү төгүлгөн уз. Ушак-айыңга кызыкпайт. Абысындары урматтап турушат.

Жабуулу кара инген

Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үй-тиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала-бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиледе болот. Эринин таап турган табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартышка да бүйрө.

Баш койкоң

Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүү-түстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге кыйын. Кыял-жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып башкарат. 

Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне
© Sputnik / Владимир Пирогов
Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне

Дүнүйөкөй тоту

Табылгынын зайыбы. Мындайларды илгеркилер "чүпүрөк зайып" деп да аташкан. Эски-уску, керексиз чүпүрөк-сапыракты дүнүйө көрөт. Аларды көзү кыйбайт. Ал эми табылгынын зайыбы дегени, эринин колунан бак-дөөлөт тайыса жүдөп калат. "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дегендей, төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүрүп калган жигитке жүк болчу аял.

Дүр кабак чабдар

Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулат, кайырын чайыр кылат. Эринин да, бала-бакыранын да сазайын берет. "Кыялыңа өз атаң менен тууган энең гана чыдабаса" деп айтайын десең, ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уул-кызы чоңоюп, энесин кой дегиче, кайран эри карып калат.

Ай чырайлуу ача тил

Кудай мындай аялдын кемиткесин тилинен чыгарып, акылын пас кылган. Колунан түзүк иш да, аш да келбейт. Тилинин заары кара чаар жыландын тили калпый кесип, желимдеп алгандай эле бар. Тууган-туушканга, коңшу-колоңго да тили тиет. Түтүндү түрө кыдырган айылчы, узун ушакчы. Эчки сымал эрбең-эрбең, жаны жай албайт. Сыртынан караганда келбети дагы жагымдуу болбойт. Эки айылды эриктирбейт, бир айылды бириктирбейт. Этегин үзө басып, түтүн чыккан үйлөрдү аңдыйт.

Суу мурун сөпөк

Ушакчылыгы, айылчылыгы жок. Бирок дайыма жүдөмүш. Үй-жайын, казан-аягын ирээттүү, жөндүү билбейт. Өз боюна да жакшы карабайт. 

Үтүрөң тентек

Мындай аял жини кармаганда балдарын сабайт. Көтөрүнүп төркүнүнө кетип калган албуут, долу аял. "Алып бергениң ушулбу?" деп көйнөк-кечесин айрып да жиберет. 

Участники международного фестиваля культуры Оймо на ярмарке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
X международный фестиваль ремесленников «Оймо»

Ит ыркырак

Эри менен ынтымагы жок, ыркырап уруша берүүчү, башкаларды да беттен алган чатак аял.

Мышык чыркырак

Бирдеме эле болсо чыркырап ыйлап, көзүнүн жашын көлдөтүп жиберүүчү, чыйылдап-безилдей берген аял.

Бул аталыштар "Кыргыздар" томдугунан алынды.

Тема боюнча

Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?
Белгилер:
мүнөз, салт, аялзат, кыял

ЭҢ МААНИЛҮҮ