Япония Кыргызстандагы эне-баланын ден соолугуна кам көрмөкчү

Жазылуу
Япониянын 3,5 миллион доллар акчасына 18 оорукана оңдолуп, түзөлөт

БИШКЕК, 6-мар. – Sputnik. Эне-баланын ден соолугун бекемдөө жана баңгизатка көзөмөлдү күчөтүү үчүн япон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 миллион доллар берет. Бул туурасында БУУнун балдар фондусунан кабарлашты.

БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен Баңгизат, кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) "Эл аралык кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, террорчулукка каршы туруу" жана "Эне-баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө" деп аталган эки программаны Кыргызстанда баштаганы турат. Долбоорлор кыргыз өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин улуттук артыкчылыктарды эсепке алуу менен БУУнун агенттиктери тарабынан даярдалган.

Презентация новой модели питания для школьников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 5 миң окуучу ысык тамак иче баштайт
Япония өкмөтүнүн 3,5 миллион доллар суммасындагы колдоосу менен ЮНИСЕФ жана Саламаттык сактоо министрлиги 18 ооруканадагы жылытуу жана суу менен жабдуу системаларын оңдомокчу. Андан сырткары, медициналык кызматкерлерди окутуп, балдардын өмүрүн сактаган медициналык жабдууларды сатып алат. Мындан тышкары, долбоор саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктайт. Бала багуу боюнча тажрыйбаларды жакшыртуу үчүн энелерге колдоо көрсөтүү максатында ата-энелерге окуу өткөрүп, жергиликтүү жамааттардын бул процесске тартылуусун жана катышуусун күчтөндүрөт.

Премьер-министр Сапар Исаков ачкан расмий аземде тиешелүү ноталарга Япониянын КРдеги элчиси Ёсихиро Ямамура, ЮНИСЕФтин өкүлү Юкиэ Мокуо, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азиядагы регионалдык өкүлү Ашита Миттал кол койду.

Япония өкмөтү былтыр да Кыргызстандагы окуучуларга ысык тамак берүүгө көмөк көрсөтүп, грант түрүндө акча бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0