Дүйнөлүк тейлөө чебери Шоул: Бишкектеги 100 миң сомдук стейк аша чапкандык

© Sputnik / Табылды КадырбековАмериканский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон Шоул дүйнөдө тейлөө чебери катары таанымал. Тейлөө стратегиясын киргизүү жаатында ал 39 жылдан бери дүйнөнүн 40 өлкөсүндө алдыңкы ишканаларга акыл бөлүшүп келет. Тейлөө кызматы боюнча биздин каарман 2 миллиондон ашык кишини окутуп, бул багытта 6 эмгек жазып, алар эң көп сатылчу китептер тизмесине кирген.

Жон мырза мыкты үлгүдөгү тейлөө менен кантип пайда табуу жана рынокто топ жаруу боюнча ишкерлерге бизнес-семинар өткөрүү үчүн Кыргызстанга учуп келди.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Жасмин Малашева менен болгон маегинде Жон Шоул кирешени көбөйтүүдө эмнеликтен кызматкерлердин орду маанилүү экенин, чет элдиктерге мантыны кантип берүүнү айтып, жергиликтүү ресторандар Мишлен (коомдук тамактануучу жайлардын беделин аныктоочу эл аралык баа) жылдызына татып же татый албашына баа берди.

— Кыргызстандан алган алгачкы таасириңиз кандай болду?

— Кыргызстанга биринчи келишим, бир нече саат өтүп-өтпөй бир нече учурду белгилөөгө үлгүрдүм. Жылуу, жайлуу, калкы меймандос, ачык жүздүү келишет экен. Анан да тоолор жапжакын тура.

— Жергиликтүү тейлөөнү баалоого да жетиштиңизби?

Россиядагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти, беш баланын атасы Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Оор жүк көтөрүп баспай калгам. Москвадагы ишкер Акбар Маразыковдун ийгилиги
— Мени жакшы мейманканага жайгаштырышты, оозго алынган ресторанга түштөнүүгө чакырышты. Жалпысынан, тейлөө жаман эмес, бирок, тилекке каршы, жогорку деңгээлде деп айта албайм. Анүстүнө, кыргызстандыктардын бардыгы кынтыксыз тейлөө кандай болушу керектигин биле бербей турганы мага айкын.

Мейманкана боюнча бир эскертүү айта алам. Жайгашып жатканымда менин жүгүмдү алып кирүүгө кароолчу көмөктөштү. Алтургай, ал мени ресепшнге (каттоочу жайга) чейин жеткирди. Бирок, бул анын түз милдети эмес да, ал — чабармандын иши. Кароолчу эч качан ордун таштап кетпеши керек. Антпесе коопсуздук кайда калат?

Ресторандагы түшкү тамак боюнча айтсам, тамак даамдуу, тейлөө дурус, бирок, бир жагдай бар. КМШ өлкөлөрүндө мейли, ал дайымкы кардар болбосо дагы мейманга атынан кайрылуу маданияты жокко эсе.

Бул эмне үчүн керек? Ысымын билип, атынан кайрылуу менен ресторандын кызматкери кардарга сый мамилесин көрсөтөт. Түшүнөм, бул кыйла эле кыйын, бирок, баш баккан кардарларды таанып, атын эстеп калуу абзел. Бул сиздин бизнес жайыңыздын беделин жана кирешесин канчалык арттырарын билгениңизде айран таң каласыз. Мейли бул ресторан болсун, мейманкана, банк же алтургай, эмерек дүкөнү болсун, айырмасы жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАмериканский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул - Sputnik Кыргызстан
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул

— Сиздин SQI компанияңыз 1979-жылдан бери иштейт. Бул мезгил аралыгында тейлөө жаатында дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө эки миллиондон көп кишини окуткансыз. Сиздин баамыңызда кайсы мамлекетте тейлөө тармагы күчтүү?

— Эң жогорку деңгээлдеги тейлөө Сингапурда, ал эми бирин-серин учурларды карасак, таңгалышыңыз ыктымал, мисалы, Ботсванада (Түштүк Африка) тейлөө мыкты. Ал жакта элди чөлдө эс алдыруу менен алектенген уюм бар. Алты өлкөдө анын өкүлчүлүктөрү иштейт. Кызматкерлеринин көпчүлүгү жогорку билимге ээ болбосо да, кардарды тейлөөдө эң жогорку баага татыйт.

Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
"Кухняга" тартылган "Айнура": француз режиссерунун тасмасына оңой эле өтүп кеттим
Лагерге жайгаштырууда биринчи кезекте таңгалдырганы – ар бир кызматкер – бөлмөлөрдү жыйнагандардан ашпозчуга чейин мейманды тааныйт, ысымын айтып кайрылат, анын каалоосун алдын ала туя билет. Өзүнчө эле сыйкырдуу көрүнүш!

Эс алуу убагында мейман бир дагы мүнөт көңүлдөн тыш калбайт, кам көрүшөт, абдан сый мамиле кылышат, ырдап, алтургай, бийлеп да беришет (күлүп). Бизнестеринин гүлдөп жатканынын жандырмагы ушунда.

Ал эми Америкада тейлөө дагы жакшыртылышы зарыл. Ишканалардын 99 пайызы өздөрүн мыктыбыз деп сезип, жар сала мактанышат. Бирок, иш жүзүндө андай эмес.

Өткөндө эле бир көйгөйгө кабылдым — спутниктик ишкана мага адаттагыдан үч эсе көп эсеп жибериптир. Анан call-борборуна чалганымда, мага үчүнчү жолкусунда гана жооп беришти.

Менин маселемди угуп бүткөн соң, башка бир адиске кошушту, ага кайрадан көйгөйүмдү баштан-аяк айтып берүүгө аргасыз болдум. Маселени канча нерв коротуу менен гана аларга жеткире алдым. Америкалык компаниялардын көпчүлүгү ушундай.

— Кыргызстанга семинар өткөрүү үчүн учуп келдиңиз, анда биздин ишкерлерге каржылык көрсөткүчтөрдү эселентүү боюнча лидерлердин купуя стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө айтып бермекчисиз. Эки ооз сөз менен бул сырдын сырдуулугу эмнеде экенин түшүндүрсөңүз.

Кыргызские национальные утвари для быта - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык деген эмне? Күч-кубат берген, умай энеден уланган азыктын мааниси
— Чындыгында, жөпжөнөкөй эле. Бизнести кардардын акчасын шыпырып алуу үчүн эмес, анын көңүлүн табууга ылайыктап куруу зарыл. Кардардын каалаганы эмне? – Тез тейлөө, чөнтөккө төп төлөм, сый мамиле, эгер бир маселе жаралса, аны ыкчам чечүүгө даяр болуу.

Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн ишканалар кетирген катачылыкты көп байкайм – алар кардардын кыжырын кайната турган кайдагы бир эрежелерди ойлоп таба беришет. Маселен, жакында эле Вьетнамда эс алдым. Дем алып жүргөнүмдө кокусунан отелдеги бөлмөнүн ачкычын (чип) жоготуп алдым. Аны блокко салып, мага жаңысын берүүнү өтүнгөнүмдө 9 доллар айып пул төлөөгө мажбурлап, толтура керексиз кагаздарды толтуртушту.

Абдан таңгалдым. Кардар эч кандай баасы жок пластик карта үчүн айып төлөөгө тийиш эмес. Эгер сиз ишкер болсоңуз, чоң киреше табууну кааласаңыз, саясатты жөнөкөйлөтүп, болбогон эрежелерден арылыңыз. Антпесе, сынык тепшини кучактай олтуруп каласыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАмериканский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул - Sputnik Кыргызстан
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул

— Мындай соболум бар. Кыргызстанга бир чет элдик жаран келип, биздин улуттук бир даамдан татып көргүсү келди дейли. Ошол эле мантыны алалы — ичинде эт, май, пияз тууралып салынган камыр тамакты бизде адатта кол менен жешет. Чет элдик жаранга аны кантип сунуу зарыл?

— Сырттан келгендерге дайым жергиликтүү ашкананын даамы кызык, андыктан, кандай тамак болбосун, жылмайып, тамак жөнүндө бир аз айтып берип, сунуп жатканда мейманга ысымынан кайрылуу зарыл. Жогоруда белгилегенимдей, бул абдан маанилүү. Эч кандай татаалдыгы жок, жүзүңүздө жылмаюу, мамилеңиз сый болгону жетишерлик.

— Бизнесмендер өз мекемелеринин өнүгүшүнө чоң каражат салышат. Бирок, кардарды сейрек кездешчү орой кызматкер тейлей турган болсо, ресторандын, соода борбору же банктын тышкы кооздугу эч нерсеге татыбай калат эмеспи. Кызматкерлерди кантип тарбиялоо керек?

— Бул абдан орчундуу маселе. Көптөгөн ишкерлер курган жайынын көздүн жоосун ала турган жасалгасына, жарнама же маркетингдик стратегияларына миллиондорду жумшайт, бирок, кызматкерлерди окутууга каражат салгылары келбейт. Кайсы бир күнү баары бир жумуштан кетип калчу кишилерге акча коротуунун кереги жок деп ойлошот.

Төмөн маяна, теңсинбеген мамиле, ыңгайсыз шарттар — адамдар өз ишин жактырбагандыгынын себеби ушулар, анан, албетте, алар ишин да көңүлү жок аткарат.

Кыргызское национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары
Бирок, кызматкер ар кыл себептер менен начар иштеши ыктымал. Алардын арасынан эң көп таркалганы — кызматкердин керектүү билиминин жоктугу, иштин ыгын билбегени. Мындай шартта окутуу гана көмөкчү болот. Адам билбегендигинен улам гана өзүнө ишенбеши мүмкүн. Андыктан, жардамдашыңыз ага! Окутуңуз, өнүктүрүңүз, шыктандырыңыз.

Даанышман ишкерлер мыкты тейлөө гана кардарларды тартарын, керексиз чыгымдарды азайтарын жакшы түшүнүшөт, кардарды тейлөөдө эң башкы элемент жана рынокто алдыңкы болуунун кепили — дал ошол жогорку натыйжа көрсөтө билген кызматкерлер.

Кызматкерлердин баарына жогорку айлык бериштин кереги жок, компанияга көп пайда алып келгендерине гана көбүрөөк төлөгүлө. Ал эми кардарларды жек көргөн кызматкерлер да болот, аларды иштен айдаңыз. 

— Ресторандык сынчылар тарабынан жактырылган кафе жана ресторандар атайын кагаз чаптай тургандыгы боюнча жобо бар экен. Мындай тастыктама кагазын сатып алуу кыйын деле эмес… Ресторандын канчалык акчасы мол болсо, чаптагычтарды ошончолук көп сатып алат. Батышта мындай көйгөй кандай чечилет?

— Дегеле пайдасы жок аракет. Жеке өзүм адамдар ресторандарга баа берип, өз пикирлерин жазып калтырчу уюлдук тиркемени пайдаланам. Эң мыкты жарнамачы — бул өз оюн сата турган кайдагы бир агенттик, ресторандык сынчылар эмес, реалдуу кишинин өзү.

© Sputnik / Табылды КадырбековАмериканский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул - Sputnik Кыргызстан
Американский специалист в области культуры сервиса Джон Шоул

— Бизде бир ресторан бар, андагы эң мыкты делген тамак – стейк жүз миң сом турат, бул дээрлик бир жарым миң доллар. Ал эми жөнөкөйлөрү алты миң сомдон. Асманды чапчыган бааларды койгон мындай тамактануучу жайдын келечеги барбы?

— Акылга сыярсыз жорук! Мишлен жылдызын тагынган ресторандарда да мындай бааны көргөн эмесмин. Дүйнөдө өз өндүрүмдөрү үчүн жогорку акыны кое ала турган эки гана: Apple жана Disney компанияларын билем.

Койду кантип туура устукандоо керек - Sputnik Кыргызстан
Устукан тартуу маданияты
Өнүгүү үчүн КМШ өлкөлөрү дагы кыйын, кыйла жол басат. Тигил же бул чөйрөдө өз бизнесиңизди өстүрүү үчүн тез акча табуунун аркасынан түшпөй, сапат жана кардарды тейлөөгө басым жасаңыз.

Балким, бул бизнесмен жумшаган каражатын тез кайтарып алууга аракет жасап жаткан чыгар. Менимче, мындай баа саясаты ишкердин ачкан жайын айырмалабастан, беделине гана доо кетирет. Буга чейинки тажрыйбама таяна, андай жайдын жабылышы алыс эмес экендигин айта алам.

— Ал стейктин даамын таткыңыз келеби?

— Бир жарым миң долларлык стейкпи?! Ой, жок, рахмат (күлүп).

— Айтмакчы, өлкөдө Мишлен жылдызын тагынган ресторан жок, болгон да эмес, аны тагууга өбөлгө да жок. Борбор Азия мамлекеттери Мишлен жылдызын ала алышабы?

— Ресторанга жылдыз берүү жол-жобосу өтө купуя сакталат, бирок, 14 жобо деп айтылып жүрөт. Инспектор тейлөөнү, кызматкерлердин ишин, даамдын кошулмаларынын өзгөчөлүгү, тамактын берилиши, жайдын жайлуулугу, кардарлардын пикирлерин баалай турганы айкын. Эми өз соболуңузга өзүңүз жооп берүүгө аракет кылыңыз.

Менимче, бул жеңил иш эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0