Бишкектеги Эркиндик бульварынын тротуарында пайда болгон чуңкурдун видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековПрохожий на бульваре Эркиндик в Бишкеке
Прохожий на бульваре Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тротуарлардагы чуңкурлар бир нече жерде пайда болгон

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектеги Эркиндик бульварындагы тротуарда пайда болгон чуңкур жөө адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын Janybek Mukashov аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялады.

Ал Эркиндик бульварынын Москва көчөсү менен кесилишкен жерин видеого тартып алган.

"Бул брусчаткалардын алдында эч нерсе жок, аябай терең. Бул жерге балдар түшүп кетип, чоңдор бутун сындырып алышы толук мүмкүн", — дейт Мукашов.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева тийиштүү кызматкерлер аталган дарекке чыгып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

"Бульвардын бир нече жеринде чуңкурлар пайда болуптур. Азыр биздин кызматкерлер оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жарандарды этият болууга чакырабыз", — деди Каракеева.

Ушундай эле чуңкурларды редакциянын кызматкерлери Эркиндик менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен табышты. 

© Фото / Алимджан ВалиевПроспект Эркиндик в Бишкеке
Проспект Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Проспект Эркиндик в Бишкеке

Бул боюнча мэриянын маалымат кызматынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0