Илимий даража үчүн төлөнүүчү акча үч эсеге көбөйдү

Жазылуу
Чечим "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасын жогорулаткан токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акча каражаттар жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонд: жумушсуздар дагы өзүнө пенсия чогулта алат
Билдирүүгө ылайык, чечим "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу, илимий жана педагогикалык кадрларды колдоого алуу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы төмөнкүдөй белгиленет:

илим кандидаты илимий даражасы үчүн — 900 сом;

илим доктору илимий даражасы үчүн — 1800 сом..

Буга чейин илим кандидаты илимий даражасы үчүн ай сайын каралган үстөктүн суммасы 300 сомду, ал эми илим доктору илимий даражасы үчүн 600 сомду түзүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0