Өкмөт полиция менен милициянын айырмасын түшүндүрүп берди

Жазылуу
Маалыматта милиция — жазалоочу чараларга багытталган авторитардык орган экени белгиленген

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы милицияны полиция кылып өзгөртүү боюнча Сапар Исаковдун коопсуздук жыйынында айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

Милиция менен полициянын айырмасы эмнеде?

Всемирный саммит правительств в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Дубай полициясына суктанган Сапар Исаков, оозду ачырган "Көз" долбоору
Өкмөттөн келген маалыматка караганда, Сапар Исаков милиция — "жазалоочу чараларга багытталган милитаристтик, авторитардык орган" экенин билдирген. Ошондой эле азыркы милиция процесс менен статистикага багытталып, коомчулуктун ишмердүүлүгүнө минималдуу таасир этет.

Ал эми полиция — жарандык коом жана жарандар менен кызматташууну көздөйт. Бул боюнча Сапар Исаков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Укук коргоо органдары ириде ишке болгон мамилесин жана ыкмаларын өзгөртүүсү зарыл. Тагыраагы, калкты көзөмөлдөөгө эмес, өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүгө басым жасалышы шарт. Алардын иши күч колдонууга эмес, кызмат көрсөтүүгө багытталышы керек. Кылмыштарды ачыктоого жана коомдук тартипти сактоого күчүн үрөп, калкка көмөк көрсөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу негизги багыт", — деди премьер.

Ал ошондой эле концепциялардын алмашуу процессинин ишке ашуусу коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин кошумчалаган.

Учурда премьердин тапшырмасы менен адистер полициянын ишмердүүлүгү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0