Тоң: казылган мыя, каңтарылган жер, айыптууну таба албаган эл

© © SputnikНеизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе
Неизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекциянын Тоң райондук өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 30 гектарга чукул жер казылып кеткен. Жергиликтүү эл жер кыртышын бузуп казууга ким жол бергендигин аныктай албай жатат

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жайыт жерине тиешелүү "Саз" участогунан 30 гектарга чукул жерден мыя казылып кетип, кыртыш бузулгандыгы боюнча жергиликтүү элдин өкүлдөрү редакцияга кайрылган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы бул окуянын чоо-жайын сураштырып көрдү.

Мамэкотехинспекциянын Тоң райондук өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 30 гектарга чукул жер казылган.

"Чыгымды төлөп беришсин!"

Аталган айылдын тургундарынын айтымында, мыя аталган аймакта 10 жылга чукул убакыттан бери казылып келе жатат. Көк-Мойнок айылдык кеңештин депутаты, жеке ветеринар Жекшенбай Асаналиев жер кыртышын бузуп кеткендер зыянды төлөп берсин деген талабын койду.

© © SputnikЭкономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын расмий маалыматында жайытка тиешелүү 29 гектардан ашык жерден мыя казылып, мамлекетке 500 миң сом зыян келтирилгендиги айтылган
Неизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын расмий маалыматында жайытка тиешелүү 29 гектардан ашык жерден мыя казылып, мамлекетке 500 миң сом зыян келтирилгендиги айтылган

"Буга чейин канча гектар жер казылса ошончо гектар жердин тиешелүү салыгын, зыянын төлөп берсин. Быйылкы 2017-жылы өтө көп казылып кетти. Тиешелүү жактар эмнегедир билмексен, көрмөксөн болуп туруп алды. Мындай жорук болбойт го. Бул жерде бирөөнүн кызыкчылыгы барбы? Анын ким экендигин тергөө, укук коргоо органдары аныктап берет деген ойдомун", — деди Асаналиев.

Депутат мыяны казып жаткандарды көргөнүн, аларга жайыт комитети да эч нерсе кыла албай койгондугун айтты.

Последствия падения бензовоза в реку Чычкан - Sputnik Кыргызстан
Чычкан суусуна кулаган унаадан 30 тонна бензин төгүлгөн. Ким кандай зыян тартты?
"Күзүндө "Саз" участогунда айыл элинин малы — 500-600дөй уй оттой турган жерди трактор менен казып салышыптыр. Келип силер кимсиңер, ким уруксат берди, эмне жол менен казып жатасыңар деген суроомо жооп ала алган жокмун. Жер тиешелүү болгон жайыт комитетинин төрагасы Айдар Кудайбердиевди алып келип, казып жаткандар менен беттештирдим. Жайыт комитетин да тоготкон жок. Лицензиясын да көргөзбөй, ким экендиктерин да айтпай коюшту. Ошентип дагы бир жума казып туруп алышты, аңтарылган жерлерди түздөлбөгөн боюнча ташташты, жер жараксыз болуп калды. Андан мал-жаныбыз, жылкылар өйдөлөнүп өлүп кала жаздады", — деди Асаналиев.

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси, учурда айылдык кеңештин депутаты Таалай Куланбаев Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин 41 000 гектарга чукулу жайыт комитетине тийиштүү документтери менен өткөрүп берилгенин айтты.

© © SputnikЖергиликтүү тургандар мыянын тамырын казгандарга нааразы. Алар жердин кыртышынын бузулганын жана түздөлбөй ошол боюнча калганын айтышты
Неизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү тургандар мыянын тамырын казгандарга нааразы. Алар жердин кыртышынын бузулганын жана түздөлбөй ошол боюнча калганын айтышты

"Биз териштире келгенде бул документтерди таба албай жатышат. Эмне себептен айыл өкмөттөгүлөр жайыт комитетине түртө салып атканы белгисиз. Болжол менен70 гектарга чукул жер казылып кеткен. Мамэкотехниспекция спутниктен тартып, 30 гектардын айланасында деп жатат. Биздин талап — ким күнөөлүү болсо канча гектар жер казылса ошонун чыгымын төлөп койсун. Калганын укук коргоо органдары териштирет чыгаар", — деди Куланбаев.

Факты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Жууку капчыгайындагы карагайдын кыйылышын иликтөөнү тапшырды
Ал эми бул маселе боюнча Көк-Мойнок жайыт комитетинин төрагасы Айдар Кудайбердиев чырдуу мыяны казуу жоопкерчилиги туурасында төмөндөгүлөрдү айтты.

"Өзүм иштеп келгенден бери (2017-жылдын 23-мартынан бери — ред.) казылган мыя боюнча жооп берем. Ишти өткөрүп алганда Тоң райондук салык кызматына 800 миң сом карызыбыз бар болчу, ошол себептен мыйзамдын, келишимдин негизинде 7 гектар жер бергенбиз. Бюджетке 50 миң сом которулду. Берилген жер боюнча келишимде бардык жагдай каралган. Казылган тейде калтырылган жерди жазга чейин оор мала таап, түздөө иштери жүргүзүлөт", — деди Кудайбердиев.

Айыл өкмөтү лицензия тууралуу

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жетекчиси Майрам Кыдыралиева бул кызматка келгенине бир жылга чукул мезгил болгондугун айтып, жерди каздырган компаниянын лицензиясы тууралуу маселенин чекесин чыгарды.

"Лицензия тууралуу маалыматым жок экен. Чындыгында бул лицензияны көргөн эмесмин, тааныш эмесмин", — деди ал.

Жерди казууга ким уруксат берген деген суроо жаралганда Кыдыралиева буга төмөнкүчө жообун айткан.

© © SputnikТамыр издегендердин таштап кеткен калдыгы
Неизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Тамыр издегендердин таштап кеткен калдыгы

"Мамэкотехинспекциядан келип казылып жаткан жерлердин баарын карап жатышат. Үлүш жери бар адамдар акчасына карап өз тилкелерин каздырган учурлар кездешүүдө", — деди айыл өкмөтүнүн жетекчиси.

Көк-Мойнок айылдык кеңешинин төрагасы Айбек Жодаев бул боюнча өзүнүн пикирин билдирип, маселени ал көтөргөндө  жагдай кандай болгонун айтып берди.  

"Айылдык кеңештин төрагалыгынан мурда жайыт комитетинде инспектор болуп иштегем. Анда Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери менен барсак, ал жердегилер качып кетип жок… Бул азыр эле чыга калган көйгөйлүү маселе эмес, буга чейин бир топ нерсе болгон. Биз анда да бул маселени көтөргөндө арт жагында таянчу адамдарына таянып коюшкан. Ал кезде Таалай Куланбаев айыл өкмөтү болуп иштеген. Анан эле ал ордунан кеткенден кийин эмнегедир ызылдап баштады. Негизи үлүш жер ээлеринин кызыл китептери бар, биз эч нерсе кыла албайбыз", — деди Жодаев.

Адис: трактор менен казылса, мыя кайра чыкпайт

Архарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Өтмөктө" тартылды делген кийиктер каяктын жаныбары экени аныкталды
Ысык-Көл Биосфералык аймактын башкы дирекциясынын илим, мониторинг жана экологиялык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Анипа Кененбаевага кайрылып, мыяны топтоо жолдорун сурадык.

"Мыяны топтоодо тамырларын марттан сентябрга чейин казат. Тамырларын чогултууда өсүмдүктүн жер үстүндөгү өсүндүлөрүн чабуу керек. Тамырларын соко менен оодарып, кол менен алат. Анча чоң эмес аянттарда тамырын күрөк менен 30-35 сантиметр тереңдикте казат. Тамырдын үчтөн эки бөлүгүн (70 пайызы) чогултуп, калганы топуракта калыбына келүү үчүн калтырылат. Тамырларды казып алгандан кийин ал аянтты түздөп таптайт. Кайталап чогултууну 3-4 жылдан кийин жүргүзөт", — деди адис.

Ал эми туура эмес казуунун кесепети эмнеге алып келерин башка мисалдын негизинде айтып берди.

"Эгерде мындай чоң аянтта трактор менен казып алса мыя кайра өсөт деген кепилдик жок. Ал жерде өсүмдүктүн жоголуу коркунучу пайда болот. Мындай учурлар катталган. Көп жыл мурда Түп районунун Михайловка айылынын аймагынан трактор менен көптөгөн жер аянтын казып, мыя чогултуп кетишкен. Анын ордун мыя эмес, тикенек басып кеткен", — деди Кененбаева.

© © SputnikАйылдын тургундарынын айтымында, мыя аталган аймакта 10 жылга чукул убакыттан бери казылып келе жатат
Неизвестные раскопали корни солодки на 30 гектарах в Тонском районе - Sputnik Кыргызстан
Айылдын тургундарынын айтымында, мыя аталган аймакта 10 жылга чукул убакыттан бери казылып келе жатат

Мыя көп жылдык тамыр сабактуу 150 сантиметр бийиктиктеги өсүмдүк. Тамырлары 8-9 метр тереңдикке кирип, жер астындагы суулардын деңгээлине чейин жетет. Бул өсүмдүк Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Дарылык максатта тамыры жана тамыр-сабагы дем алуу жолдорунун ар кандай ооруларында колдонулат. Жакшы какыртуучу, заара чыгаруучу каражат, бронхиалдык астмага пайдаланылып келет.

Ледники - Sputnik Кыргызстан
Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду
Материал даярдалып бүтүп калганда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы бул иш боюнча кылмыш ишин козголгондугун кабарлады. Анда Н.К. жана А.О аттуу жарандар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башка бирөөгө берилген лицензиясын пайдаланып, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен мыя казууга келишим түзүлгөндүгү айтылган.

Андан сырткары, жалган келишимдин негизинде жайытка тиешелүү 29 гектардан ашык жерден мыя казылып, мамлекетке 500 миң сом зыян келтирилгендиги билдирилген.

Финансы полициясы учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0