Кыргызстандыктар жыл аягына чейин кайсы күндөрү эс алары аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Дем алыш күндөрүн которуу" жөнүндөгү токтомго кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.

Эс алуу күндөрү төмөнкү даталарга туура келет:

— 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө которулат;

— 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү (дем алыш күнү катары таанылат, анткени, 5-май дем алыш күнүнө туш келет) 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө которулат;

— 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө которулат.

— 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат.

Натыйжада, кыргызстандыктар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат. Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0