Былтыр жаңы саясий беш партия катталып, экөө ишмердигин токтоткон

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы уюмдардын саны боюнча Чүй облусу алдыда турат

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 1237 коммерциялык эмес уюм мамлекеттик каттоого алынса, 1299 уюм кайтадан каттоодон өткөн. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Ага ылайык, облустар боюнча алып караганда Чүй облусунда каттоого алынган уюмдардын саны басымдуулук кылат. 2017-жылы 540 уюм катталып, 465и кайтадан катталган.

Андан кийин Ош облусу турса, үчүнү орунду Жалал-Абад ээлеген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 241 коммерциялык эмес уюм иштебей калган.

Ошондой эле былтыр беш саясий партия жаңыдан катталса, эки партия ишмердигин токтоткон. 57 жалпыга маалымдоо каражаты пайда болсо, алты ЖМК ишмердигин токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0