Жаздын алгачкы күнү жаш акындар театрлаштырылган концерт тартуулашат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова
Здание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт 1-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кечки саат 18:00дө башталмакчы.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жаздын алгачкы күнү жаш акындар "Уугум сага айтам" аттуу театрлаштырылган концерт уюштурушат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине концерттин уюштуруучусу Жамайка Токонова кабарлады.

Анын айтымында, жаш акындар үч жылдан бери ар кыл тематикадагы концерттерди уюштуруп келет.

"Бул жолу коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү спектакль, ыр аркылуу көрсөтүүнү чечтик. Концертке жалпы 16га чукул жаш акын катышып өнөрлөрүн тартуулайт. Былтыркы маданий иш-чараларды коюуга мурунку маданият министри Алтынбек Максутов көмөктөшсө, бул жолкусуна акын Баян Акматов, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр сыяктуу агалар жардам берүүдө", — деди Токонова.

Концерт 1-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда кечки саат 18:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0