Ош шаары үч ай тынымсыз көрктөндүрүлмөй болду

© Фото / Кубаныч МолдокуловВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аймактарды кыдырып жазгы тазалоо иштерин күчөтүү боюнча катуу талаптарды койгон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ошто бүгүнтөн тарта шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды. Бул туурасында аталган калаанын мэриясынан кабарлашты.

Тазалоо иштери күн сайын таңдан тарта башталмакчы.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте токой паркы пайда болот. Мэрия жаңы долбоор сунуштады
"Ош-Тазалык" ишканасынын бригадаларынын жумушчулары Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн, чогулган кум, таштарды, арык ичиндеги жана жол четиндеги бадал дарактарынын арасындагы таштандыларды жыйнап, тазалайт.

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери болсо шаар көчөлөрүндөгү арыктар жана өтмөктөрдү, желим бөтөлкө, желим баштык өңдүү акыр-чикир толгон жерлерди тазалап баштады.

Ал эми Бишкек калаасында бул жаз келери менен 1 миллион 200 миң гүл отургузуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0