"Өтмөктө" тартылды делген кийиктер каяктын жаныбары экени аныкталды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАрхарлар. Архив
Архарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо кийиктер автожолдун ортосунда турганын, анын чет жакасында, капчыгайда бейкапар жайылып жүргөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын интернет айдыңына тараган карлуу ашуудагы жолдо шагыраган эчки-текелердин видеосу Талас облусуна кеткен "Өтмөк" ашуусунда тартылбаганы анык болду. Алар Кавказды байырлаган кийиктер экендигин окумуштуу, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Facebook социалдык тармагына жайгаштырылган видеого түшүндүрмө берилген текстте кайберендер Талас облусундагы "Өтмөк" ашуусунда тартылган деп жазылган.

Анда кийиктер автожолдун ортосунда турганын, анын чет жакасында, капчыгайда бейкапар жайылып жүргөнүн көрүүгө болот.

"Видеодогу эчки-текелер Кыргызстанда тартылган эмес. Алар Кавказ түрүнө кирүүчү жана тоо теке менен аркардын ортосундагы тоо жаныбарлары. Адатта Кавказ тоолорун байырлашат. Эгерде жакшылап карасаңар, биздикине (Кыргызстандагы кийиктерге — ред.) окшош келгени менен өңү жана мүйүзүнүн формасы башкачараак болуп турат", — деди Улуттук илимдер академиясынын зоология боюнча лабораториясынын жетекчиси Давлетбаев.

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кайберендерди атууга толук тыюу салбаш керек. Себебин өкмөт түшүндүрдү
Ал интернетке аталган видеону жайгаштыргандар тамаша иретинде коюшу мүмкүн деген пикирин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстанга келсек, Мамэкотехинспекциясынын өкүлү Максат Өмүровдун 2016-жылдагы берген маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында 12-17 миңге жакын аркар-кулжа, 45-50 миңге жакын тоо теке бар.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, бирок ал өтпөй калган. Анда аңчылыкка 2025-жылга чейин чектөө коюу туурасында айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0