Казакстан уу зат табылган кийим кайсы фирмага таандык экенин расмий билдире элек

© AP Photo / Rahmat GulМагазин детской одежды в Кабуле
Магазин детской одежды в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан тигилип барган балдардын кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылганын кабарлаган

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Казакстанга тигилип барган балдардын кийимдери кайсы фирмага таандык экени боюнча билдирүү келе электигин "Легпром" жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Айрым ЖМКлар Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан тигилип барган балдардын кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылганын кабарлаган.

Асанов казак тараптын расмий билдирүүсүн күтүп жатканын айтты.

"Расмий түрдө бизге бул же тигил ишкана деп маалымат беришкен жок", — деди ал.

Буга чейин "Легпром" жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти балдар кийимдери биздики болбой калышы ыктымалдыгын билдирген.

Швейное объединение Янтарный Ариэль разрабатывает и выпускает одежду для самых маленьких - Sputnik Кыргызстан
Легпром "Мade in KG" кийиминен уулуу заттын табылгандыгы боюнча үн катты
"Кичинекей балдардын кийимин чыгаруу бизде катуу көзөмөлгө алынат. Кийим-кече өлкөдөн сыртка сертификатсыз чыгарылбайт. Бизге деле "Кыргызстандан жасалган" деген белги менен Кытайдан көп эле кийим-кече келет. Казакстан жана Россия менен 20 жылдан ашык убакыттан бери иштешип келебиз. Бул аралыкта биздин товарларга карата бир дагы даттануулар келген эмес. Менин оюмча бирөө биздин аброюбузга шек келтириш үчүн муну атайын эле жасады", — деген ал.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев эгер маалымат такталса, бул ишти тыкыр көзөмөлдөп, аягына чейин чыгарыларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0