Көчкөндө таштап кетет. Тузга байланыштуу 6 "болбойт"

Жазылуу
"Тоо-таштан кийин эле туз оор" деген элибизде жакшы сөз бар. "Анты болот" деп тузга өзгөчө мамилеге жасалган. Ансыз тамак даамына келбей, үйгө ырыскы кирбейт эмеспи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу тузга байланыштуу ата-бабалардан калган тыюу эрежелерин чогултту.

Тузду төкпөйт, чачпайт. Туздун анты болот. Аны төгүп-чачса эл, үй-бүлө ичинде ырыс төгүлөт деп коюшкан. Мындан сырткары, тузду төгүп алсаң үйдөн уруш чыгат деген ишеним жашаган.

Тепсебейт. Туз — бул нан сыяктуу үйдөгү ырыс-береке. Аны жерге төгүп кор кылган адамдын үйүнөн кут качат деп да айтылат.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
От көзөбөйт, белекке бербейт! Бычакка байланыштуу 7 "болбойт"
Тузду турушу бойдон жебейт. Илгеркилер "тузду эч нерсеге кошпой турушу менен жеген адам шорлуу болуп калат" деп айтышчу. Тамак-ашка да тузду өтө ашыкча кошуп жеген болбойт.

Туз сурап келген адамга жок дебейт. Ошол эле учурда карызга туз албайт. Сурап алса алардын шорун кошо алат деген ишеним жашаган. Алсаң да аны сөзсүз кайра кайтарып берүү керек дешет ата-бабалар.

Көчкөндө тузду кошо ала кетпейт. Башка конушка көчкөндө "шорубуз ушул жерде калсын" деп аны эски журтка, очок башына таштап кетишкен. Алыс жолго чыгарда "кайра ушул үйдүн тузу буюрсун" деп үйүнөн туз татып коюшкан.

Туз менен каргабайт, карганбайт. "Туз урсун!" деген каргыш өтө ачуу. Андыктан аны менен карганып же бирөөнү каргаардан мурда ойлонуш керек. Ошондой эле тузга кара санабаш керек.

Нанга байланыштуу тыюуларды билесиңерби? Кызыксаңар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0