Айбек Калиев: биздин муун уурдалып жок болгон нерсени калыбына келтирип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ОАО "Национальная энергетическая холдинговая компания" Айбек Калиев
Председатель правления ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура бир ай мурда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктар үшүп отурганда Улуттук эгергохолдингдин төрагасы Айбек Калиевге нааразы болгондор көбөйгөн.

Ачуусу менен Калиевди кызматтан алып, соттош керек дегендер дагы чыккан. Бүгүн үй жылуу, абал тынч, атайын комиссия ишин аяктады.

Мындан улам Айбек Калиев Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, ал күндөрү өзүн канчалык күнөөлүү сезгендигин айтып, ардагер энергетиктердин сын пикирлерине жооп кайтарды.

— Айбек мырза, Бишкек ТЭЦиндеги авариядан бери бир ай убакыт өттү. Комиссия иликтөөсүн аяктадыбы?

— Аварияны иликтеп чыгуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия өткөн аптада иштеп бүтүп, бардык маалыматтарды, сунуштамаларын өкмөткө жөнөттү. Эми өкмөттүн жыйынтыктоочу чечимин күтүп жатабыз. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйбек Калиев: ошондо жетекчилик кет десе кетмекмин, кызмат атадан калган мурас эмес
Сбои на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев: ошондо жетекчилик кет десе кетмекмин, кызмат атадан калган мурас эмес

— Ал авариядан кийин бир эле ТЭЦти карап отура бербей, шаардын айрым аймактарына чакан буу казандарды курса болбойбу деген суроо пайда болду…

Работа ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири
— Албетте, андайларды куруу зарыл. Анткени азыр Бишкекте эки гана жылуулук булагы бар. Бири — "Бишкекжылуулуктармагы", экинчиси — "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы. Чоң ТЭЦтин болгону жакшы. Бирок өткөндөгү сыяктуу штаттан тышкаркы кырдаалдар жаралып калса, шаар толугу менен жабыркайт. Азыр шаардын жогорку тарабында, Көк-Жарда жаңы үйлөр курулуп, кичи райондор пайда болуп жатат. Негизи аларды курган жеке компаниялар үйлөрдүн алдына буу казандарды дагы курушу керек. Бирок жер тартыш деген шылтоолор айтылып келе жатат.

— Бишкектеги ТЭЦ-2ни ишке киргизүү пландары барбы?

— Тилекке каршы, ТЭЦ-2нин бүгүнкү күндө келечеги жок. Себеп дегенде 2005-жылдары анын тегерегин эл мыйзамсыз түрдө басып алган. Азыр жаңы конушка айланып кетти. Ошол маселе чечилмейинче ТЭЦти иштетүү мүмкүн эмес. 

— Айрым адистер Кыргызстандагы энергетика көйгөйүн чечүү үчүн Камбар-Ата ГЭСин куруу жетиштүү деп айтып жатышат. Бул ГЭС менен Жогорку Нарын каскадын курууга инвесторлор изделип жатабы?

— Инвесторлорду издеп, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок азыр келем деген инвестор чыга элек. Анткени бизде электр энергиясына тариф өтө арзан. Ушул жол менен кете берсек, келечекте энергетика системасын жоготуп алабыз. Ал эми инвестиция сала турган ири ишкерлер өздөрү пайда көрө турган гана жерге келишет.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйбек Калиев: чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга шарт жок
Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев: чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга шарт жок

— Ири ГЭСке акча табылбай жатса, чакан гидроэлектростанцияларды курууга мүмкүнчүлүк барбы?

— Кыргызстан сууга бай болгондуктан, чакан жана орто ГЭСтерди каалаганча курса болот. Болгону алар бизге пайдасы аз. Анткени кичи ГЭСтерден чыккан электр энергиясынын өздүк наркы кымбатыраак болот. Бизде аларды сатып алганга мүмкүнчүлүк жок.

— Ысык-Көл облусунда жеке ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан каражат алып "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" кичи гидроэлектростанцияларын курдуруп жаткан. Ээлик кылган ишкерлер эки долбоорго биригип, 730 миллион сом сарптаганын айтышкан. А сиз чакан ГЭСтерден электр энергиясын ала албайбыз деп жатасыз? Эми алар эмне болот?

Гидроэлектростанции в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев: CASA-1000 долбооруна толук катышуу үчүн үч ГЭС оңдолуп жатат
— Ооба, алар курулуш бүттү деп айтып жатышат. Эл ГЭС курулду дегенин угуп эле кубанып калышы мүмкүн. Бирок кеп ошол ГЭСтен электр энергиясы канча сомдон өндүрүлөрүндө. Ар бир киловатт саатты биз алардан 4 сом 20 же 4 сом 70 тыйындан сатып алышыбыз керек. Калкка 77 тыйындан сатабыз. Ошондо ар бир сатылган киловаттан 3 сом 50 тыйындай чыгым болуп жатабыз. Анүстүнө ал жерде өндүрүлгөн энергия анчалык көп эмес, болжол менен 40-50 миллион киловатт саат болушу ыктымал. 50 миллион киловатты 4 сомдон эле эсептегенде 200 миллион сом болот. Анда Ысык-Көл жана Нарын облустарына электр жарыгын тараткан "Чыгышэлектр" компаниясы бир жылдык ремонт иштерине кете турган акчасын толугу менен чакан ГЭСтерге төгүп берип коюп, бир дагы трансформатор же бурама сатып албай отуруп калат. Ошентип ал жерде авария болсо, эки облус электр жарыгы жок калат. Анүстүнө "Чыгышэлектрдин" жылдык бюджети 200 миллион сомго жетпейт, 160 миллион сомду гана түзөт. Демек биз чечим кабыл алышыбыз керек. Же Кыргызстандын дээрлик 46 пайызын тейлеген "Чыгышэлектр" мурдагыдай эле иштеп, элди үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылат, же жергиликтүү чакан ГЭСтерден электр энергиясын алып, бирөөнү байытат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКалиев улуу муундун "азыр иш билги жаш энергетик жок" деген пикирине кошулбайт
Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Калиев улуу муундун "азыр иш билги жаш энергетик жок" деген пикирине кошулбайт

— Макул анда, чакан ГЭСтерди жайына кое туралы. Өзбекстан менен ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгону жатты эле. Негизи эле коомдо Өзбекстандын макулдугу жок ГЭС кура албайбыз деген кеп тараган…

— Өзбекстандын макулдугусуз ГЭС кура албай калабыз деген туура эмес. Бул элде маалыматтын жоктугу. Болсо дагы азыр авиацияны деле, медицинаны деле, энергетиканы деле бирдей "билген" серепчилерибиз аркылуу жетип жаткан туура эмес түшүнүктөр. Биз эч кимден сурабай эле ГЭС кура алабыз, болгону финансылык мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул миллион эмес, миллиарддаган доллар турган долбоор. Өзбекстан менен бирге ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бирок алар канча пайызын алат, биз канчасын алабыз деп быча элекпиз. Бул өтө чоң долбоор болгондуктан, кыргыз-өзбек гана эмес, 4-5 тараптуу болуп калышы мүмкүн. Дегеним ГЭСке 3-4 миллиард доллар каражат кетет.

— "РусГидро" компаниясы менен байланышкан 37 миллион доллар боюнча маселе эмне болуп жатат? Аны төлөө же төлөбөө тууралуу эл аралык аудит чечет дедиңиз эле. Текшерүүчүлөр келдиби?

— Жок, аудит келе элек. Менин маалыматым боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал жерде башка дагы маселелер бар. Жакын арада чечилип калса, эки тарап бирдиктүү аудит жүргүзүп, жыйынтыгы менен 37 миллион доллардын тагдыры чечилет.

— Жакында эле энергетика тармагы боюнча жаздым эле. Адистердин көбү жашы 70тен өтүп калган адамдар экен. Мындан улам Кыргызстанда жаш энергетиктер жокпу деген ой пайда болот экен. Экинчиден, ал адистер дагы учурда иш билги жаштардын жоктугунан тармак аксап жатат деген ойлорун айтышты.

Глава Нацэнергохолдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев менен ТЭЦ жетекчиси канча маяна алары айтылды
— Жаш адистер бар. Алар өздөрү иштеп жаткан тармак тууралуу оюн айтып сүйлөй алышпайбы, айтор эмнеге чыкпай жатышканын билбейм. Ал эми жаштар арасында чыныгы профессионалдар жок деп айткандарга мындай жооп берейин. Албетте, улуу муунду сыйлайм. Алардын тажрыйбасына эч ким шек келтире албайт. Бирок алар иштеп турган учурда заман башка болчу. Энергетика эле эмес, бардык тармактар тегиз өнүккөн. Ай сайын мектептер, жыл сайын кичи райондор курулган. Трассадан 15-20 чакырым алыс турган кашарларга өкмөт жол салып, жарык, телефон тартып берчү. Каржылоо толугу менен борбордон болуп, эч ким акча санаган эмес. Ошондой шартта иштеген кишилерден Социалисттик эмгектин баатырлары чыккан. 1990-жылдардан тарта 2005-жылга чейин ошонун бардыгы уурдалып түгөндү. Эми биздин муун таланып жок болгон нерселерди ордуна кайтарып жаткан убакыт. Айырмасы ошол эле. Бирөө курган, экинчиси уурдаган, үчүнчүсү калыбына келтирип жатат. 
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТөраганын айтымында, "РусГидро" менен байланышкан 37 миллион доллардын тагдыры эми чечилет
Глава энергетического холдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Төраганын айтымында, "РусГидро" менен байланышкан 37 миллион доллардын тагдыры эми чечилет

— Жаштар демекчи, чет өлкөлөргө чыгып калганда Кыргызстандан барган делегацияда жаштар көп экени байкалат. Башка өлкөлөрдүн уулу муундагы өкмөт мүчөлөрү жашсынтып койгон учурлар болбойбу?

— Кыргызда улууга урмат көрсөтүп, алдынан кыя өтпөгөн жакшы сапат бар. Аны кайсы жерде болбосун карманабыз. Бирок азыркы жаштардын бир артыкчылыгын айта кетейин. Илимий-техникалык өнүгүүнүн артында калбайлы деп жанталашып билим алып, заман менен кадамдаш болууга умтулуп атабыз. Ошондуктан кайсы өлкөдө, кандай гана адам болбосун тең ата сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк жетет.

— ТЭЦтеги окуядан кийин сиз кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны өкмөт башчы кабыл алган эмес. Ошол учурда өзүңүздү канчалык күнөөлүү сездиңиз?

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
— Бир шаарды үшүтүп койгондугубуз үчү, албетте, жоопкерчиликти сезип, өзүмдү күнөөлүү эсептеген учурлар болду. Эгер мен арызымды өкмөт башчы кабыл алып, жумуштан кетишиң керек деп чечсе, бардыгы ошондой болмок. Бул кызмат мага атамдан мураска калган эмес. Бирок бул жерде бирөөнү кызматтан кетирүү эмес, авариянын кесепетин жоюу, системанын мындан аркы ишин жакшылап алып кетүү маселеси турду. Жанымдагы адамдар менен болгон күч, акылыбызды салып иштеп жатабыз. Бирок 20 жыл бою тонолуп, жаман атка конгон тармакты бир күндүн ичинде оңдоп салуу мүмкүн эмес.

Бир эле мисал келтирсек, энертегика тармагында кардарга карата, орусча айтканда "куда вы денитесь? деген мамиле жедеп калыптанып бүткөн. Биз ошол нерсени жок кылууга аракет кылып жатабыз. Анткени, азыр заман башка, ар бир кардардын ыңгайына карап иш кылышыбыз керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергохолдингдин жетекчиси: шаардыктар үшүп отурганда албетте жоопкерчилигин сездим
Глава Нацэнергохолдинга КР Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Энергохолдингдин жетекчиси: шаардыктар үшүп отурганда албетте жоопкерчилигин сездим

— Жакынкы күндөрү Бишкектин түнкү клубдарынын бирине концерт бергени келген чет элдик ди-джей кызды сахнага жарым жылаңач чыгат экен деп камакка алышты. Мындан улам коомчулукта ТЭЦтеги авария үчүн эч ким камалбай, төшүн көрсөтүп койгон кыз камалабы деп наазары болгондор чыгышты. Атуул катары буга пикириңиз кандай?

— Көп нерсени өзүбүз көбүртүп-жабыртып жатабыз. Ди-джей кыздын камалышы боюнча бир гана пикирим бар. Көргүсү келбегендер барбай эле койсо болмок, аларды эч ким кыйнабайт болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0