Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кол чатырчын аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакында кар жаайбы? Кыргызгидрометтин жообу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Анткен менен күн жылуу болуп, Чүй менен Таласта 5…10, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13, Ысык-Көлдө 2…7 градус нөлдөн жогору болот. Нарын облусунда гана суук болуп, күчү 1…6 градус болот.

Борбор калаада жамгыр жаап, абанын температурасы 6…8 градус болсо, Ошто 10…12 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0