Министр окуучулардын кайсы сабактан начар болуп жатканын айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДом ребенка в Пхеньяне
Дом ребенка в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлиги 2017-жыл боюнча жыйынтык чыгарып жатат

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева министрликтин 2017-жылды жыйынтыктоочу коллегиясынын отурумунда аккредитациялоонун натыйжасында окуучулардын эстетикалык-математикалык циклдер боюнча начар окуп жатканы аныкталганын билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы билим берүүнүн сапатын баалоо системасын түзүлүп, министрлик балдардын алган билиминин сапатын аныктоого мүмкүндүк берүүчү мектептерди аккредитациялаган.

"Натыйжада окуучулардын эстетикалык-математикалык циклдер боюнча начар окуп жатканын аныкталды. Демек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын башка инструменттер менен да текшерүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда" — деди ал.

Министр билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, абитуриенттер предметтик сабактан тест тапшырууда физиканы көп тандашканын айтты. 2016-жылы физиканы 7 миң киши тандаса, 2017-жылы алты миң киши тандаган. Ага карабастан орточо упай нормадан төмөн болгон.

Кудайбердиева бул жерде Билим берүү министрлиги аткара турган иштер дагы көп экенин айтып, чыгарылып жаткан окуу китептеринин сапатына басым жасалып жатканын кошумчалады. Ал жакында эле Россияга барып келгенин, ал жактан окуу китептери боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.

Случаи насилия в семье - Sputnik Кыргызстан
Кудайбердиева: мугалимдердин оройлугу окуучулардын өз жанын кыюусуна себеп болууда
"Эгер биз өзүбүздүн окуу китептерибизди иштеп чыгып, басып чыгарып, жыйынтык чыгара албай жатсак, келгиле, анда айрым предметтер боюнча башка мамлекеттин китептерин колдонууга мамилени түздөйлү. Аларды биздин билим берүү системасына дал келтирүү башка маселе, аны деле жасайлы. 2018-жылы бул маселени чечкенге аракет кылабыз", — деди министр.

Ошондой эле акыркы учурда математика сабагы боюнча айрым региондордун көрсөткүчү жогорулаганын кошумчалады.

Министрликтин тапшырмасы менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору, Улуттук тестирлөө жана Социалдык интеграциялоо борбору изилдөө жүргүзүп, Ош шаарынын окуучуларынын билим деңгээли бир топ жогорулаганы байкалган. Мисалы 2009-жылы Ош шаары математика боюнча эң төмөн натыйжа көрсөтсө, 2017-жылы жетишкендиктердин бардык деңгээли боюнча Бишкек шаарынан кийин экинчи орунга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0