Бишкекте эки күндүн ичинде 50 маршруттук такси айып короого токтотулду

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРБишкекте эки күндүн ичинде 52 маршруттук такси айып короого токтотулду
Бишкекте эки күндүн ичинде 52 маршруттук такси айып короого токтотулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коомдук транспорт" аталышындагы рейд 23-24-февралда жүргүзүлгөн

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте эки күндүн ичинде 52 маршруттук такси айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) маалымдашты.

Билдирмеге караганда, кармалган маршруткалардын бардыгынын техникалык абалы талапка жооп бербейт.

"Жол кырсыктарын алдын алуу жана эл ташыган маршруткалардын айдоочуларынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд 23-24-февраль күндөрү жүргүзүлдү. Анын алкагында коомдук транспорттун айдоочуларына 110 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле техникалык абалы талапка жооп бербеген 52 микроавтобус айып короого токтотулган", — деп милициядан билдиришти.

Ошондой эле маршруткаларды линияга коюу учурунда дагы текшерүү иштери жүргүзүлүп, көптөгөн эреже бузуулар аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0