Ош шаарында ата-энелер окуучулар үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшАвтобустар. Архив
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кирени автобустар үчүн 8 cомдон 10 сомго, ал эми троллейбустарга 6 сомдон 8 сомго, окуучулар үчүн 1 сомдон 5 сомго жогорулатуу сунушталууда

ОШ, 25-фев. — Sputnik. Ош шаарында ата-энелер окуучулар үчүн жол кирени 1 сомдон 5 сомго жогорулатуу сунушун берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар окуучуларды жолдон албай коюп, алар сабакка же үйүнө кеч келген көрүнүштөр болуп жаткандыктан ата-энелер ушундай сунуш берүүгө аргасыз болушкан.

Ош шаардык мэрия ата-энелердин сунушун жана күйүүчү майдын кымбаттаганын эске алып автобус жана троллейбустарга жол кирени көтөрүү боюнча сунушун шаардык кеңешке берген. Бирок демилге өтпөй калган.

"Жол кирени автобустар үчүн 8 cомдон 10 сомго, ал эми троллейбустарга 6 сомдон 8 сомго, окуучулар үчүн 1 сомдон 5 сомго жогорулатуу сунушталган. Бирок шаардык кеңештин комиссиясы тарабынан колдоого алынган жок", — деди Романов.

Ал ошондой эле мэрия түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тарифтерди көтөрүүнү кайрадан шаардык кеңешке сунуштай тургандыгын кошумчалады.

Учурда Ош шаарында маршруттук таксилерге жол кире баасы 10 cом, автобустарга 8, ал эми троллейбустар 6 сом алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0