Бишкекти биргелешип жакшырталы! Смартфондун жаңы тиркемеси чыгат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүRIW - 2017. День второй
RIW - 2017. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркеме азырынча жалпы коомчулукка жарыя болот элек, азырынча жабык тартипте сыноодон өтүп жатат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Активисттер шаардыктар менен калаадагы кызматтардын өз ара иштешин жакшыртуу максатында Bishkek 312 деп аталган тиркемени иштеп чыкты. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясы Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Тиркеме азыр жабык тартипте сыноодон өтүп жатат. Мэриядан анын иштешине сунуш, пикирлер, сындар айтылгандан соң иштелип чыгып, анан расмий түрдө коомчулукка жарыя кылынарын кабарлаган.

Капитальный ремонт автодороги А-375 Восток Хабаровск - Находка - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте акыры тамтыгы чыккан көчө оңдолмой болду
Бул долбоордун ишке ашуусуна Бишкек шаарынын мэриясы да кызыкдар болуп жаткандыгы да жазылган.

Тиркемеде кайсыл жерден даамдуу тамактанууга болору айтылган. Андан сырткары шаардагы таштандылар, суу, жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маселелер жаатында жалгыздап, же тайпага чогулуп алып сунуш киргизүү мүмкүнчүлүгү да маалымдалган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин борбор калаадагы көйгөйлөр, маселелер тууралуу жазган "Бишкек бүгүн" деп аталган Telegram тобу бар экендигин эске салабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0