Темирлан Сманбеков: балдарымдын бири да жолумду жолдогон жок

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваЗаслуженный артист КР Темирлан Сманбеков
Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков өмүрүн театрга арнаган адамдардын бири. Чыгармачылык жолунда бир нече спектакль жана тасмаларда түрдүү ролдорду жаратып эл оозуна алынган. Ал айыл аралап баса турган болсо атын билбесе да, аткарган ролдору аркылуу тааный алышат.

Сманбеков буга чейин Бишкекте Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрын жетектеген. Өткөн жылдын октябрь айында Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык-драма театрына директор болуп дайындалган.

— Теңир-Тоонун театры заман талабына ылайыкталып реконструкцияланып жатканы баарыбызга маалым. Оңдоо иштери аягына чыгып калдыбы?

— Кыргызстанда Улуттук драма театрдан кийинки эле 80 жылдык тарыхы бар биздин театр. Ал жер залкарлар иштеп кеткен касиеттүү театрлардын бири. 2015-жылы президент тарабынан 35 миллион сом бөлүнүп, мен барганда оңдоо иштери бүтүп жаткан экен. Андан кийин дагы 10 миллион сом бөлүнүп ал каражатка азыр жылуулук жана жарык берүү системалары орнотулууда. Буга чейин көшөгөнү көтөрүп же түшүргөндө жипке байлап кол менен тартып турушкан. Ошону да пульт менен башкара турган кылып жатабыз. Тегерек четин тазалап жазында гүл, көчөт отургузууга ылайыкташтырып койдук. Баары бүткөндөн кийин ачылышына кошуп театрдын 80 жылдык маарекесин да белгилейли деп жатабыз. Аны жер көгөрүп, күн жылып калган май айында өткөрүү планыбыз бар. 

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваТемирлан Сманбеков: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан чогултуп мюзикл даярдайлы деп жатабыз. Ал "Кызыл жоолук жалжалым" деп аталып Нарындын стадионунда коюлат
Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Темирлан Сманбеков: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан чогултуп мюзикл даярдайлы деп жатабыз. Ал "Кызыл жоолук жалжалым" деп аталып Нарындын стадионунда коюлат

— Ал эми театрдын чыгармачылык жамаатынан кандай жаңылыктарды күтсөк болот?

Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматов маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Ажыматов: сүйүүгө акындар эле эмес, жигиттин баары эле туруксуз окшойт
— Мурда оркестрдин артисттери тарап кеткен экен. Аларда кайра чогултуп 15тей кишини жумушка алдык. Дагы бир башкы иш-чараларыбыздын бири — Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү. Мунун алкагында Жумгал, Кочкор жана Нарын театрлары биригип Айтматовдун чыгармаларынан чогултуп мюзикл даярдайлы деп жатабыз. Мындай спектакль Кыргызстанда биринчи жолу болот. Ал "Кызыл жоолук жалжалым" деп аталып стадиондо коюлат. Учурда сценарийи жазылууда, март айынан тарта даярдыктар башталат. Мындан сырткары, "Кылым карытаар бир күн" романынын негизинде Султан Раев "Маң" деген бир чыгарма жазууда. Буюрса ошол спектакль менен Лондондогу театр фестивалына катышалы деп жатабыз. Анткени театр ишмерлерин да эки жакка алып чыгып, дүйнөдө эмне болуп жатканын көргөзүп турушубуз керек. 

— Учурда театрда канча адам эмгектенет?

  1. — Бизде жалпы жонунан 110 киши иштейт. Анын 50сү чыгармачылык менен алектенгендер, калганы техникалык топ. Театрыбыз 540 көрүүчүнү батыра алат. Убагында СССРдеги алдыңкы 10 театрдын катарында эле. Мурда артисттердин чачын мыкты кылып жасатып, кооз кийинип чыгуусуна себеп болгон эмес. Учурда аларга кеңири шарт түзүлүп калды. Ар бири өз иши менен алектенип, жада калса ушакташканга да убактылары жок. 
© Sputnik / Эламан КарымшаковСманбеков: Театрда жандануу башталды деп айтсак болот. Бир жылдары нанга жетпей калган учурда театр, искусство, маданият унутта калып кеткен
Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Сманбеков: Театрда жандануу башталды деп айтсак болот. Бир жылдары нанга жетпей калган учурда театр, искусство, маданият унутта калып кеткен

— Бир учурда кинотеатрларда эл кыргыз тасмаларына караганда чет элдик кинолорго көп кирчү. Азыр кино жаатында өсүүлөр байкалып эл аралык сынактарды жеңип, прокаты да жакшы болуп калды. Театр да ушул жолго түшүп баратат десек болобу?

— Улуттук театрды жетектеп турганда ыраматылык Марат Козукеев экөөбүз иштеп Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу", Бактыгүл Чотурованын "Тумар ханыша", Кайрат Иманалиев жазган "Коркут ата" спектакли коюлуп калды. Бир күнү Кара-Кулжадан келген аксакал бөлмөмө кирип "баратсам театрдын алдында жаштар толтура. Акырын барып сурасам "Саманчынын жолу" спектаклине кезек күтүп турганын айтышты. Мурунку учур кайра келип жатыптыр деп аябай сүйүнүп калдым" деп айтты эле. Көрсө биз жеңил желпи эмес, жакшы чыгармаларды алып чыксак эл өзү эле келе берет экен. Театрда жандануу башталды айтсак болот. Өзүңөр билесиңер, бир жылдары театрды бул жакка кой, балдарды окууга жөнөтө албай калбадык беле. Нанга жетпей калган учурда театр, искусство, маданият калып кеткен. Азыр элдин чөнтөгүнө бир нерсе түшүп музыкага, театрга, жаратылышка суктана башташты.

— Буга чейин Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрын, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектегенсиз. Аймакта иштөө сунушун кандай кабыл алдыңыз?

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты Кайрат Иманалие - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Иманалиев: "Керээз" спектаклинин азыркы жетекчилер сабак алчу жери көп
— Улуттук театрда жакшы иштер жүрүп, дүйнөлүк аренага чыгып калганбыз. Кандайдыр бир себептерден улам саясат болуп кызматымды тапшырууга туура келди. Кийин ошол кездеги маданият министри Түгөлбай Казаков чакырып Нарын театрын жетектөөнү сунуштады. Жол алыс, күн суук, үй-бүлөң алыста деген маселе бар. Ага карабай борбор калаадагы театрларды эле эмес, аймактарды да өнүктүрөлү деп көздү жуумп макулдугумду бердим. Мен директор, Жалил Мидинов көркөм жетекчи болуп экөөбүз бардык.

— Нарынга үй-бүлөңүздү ала келген жоксузбу?

— Негизи министрлик жибергенден кийин бизге шарт да түзүп бериш керек эле. Бирок андай болбой ижарага батир алып чыктык. Ал айына 12 миң сом турат экен. Арзаныраак 5-6 миңге чыгайын десең ысык суусу жок, шарты начар. Алган маянабыз 15 миң сом. Ошончо баргандан кийин чыдаш керек да. Азыр Жалил экөөбүз эки бөлмөнү алып, ижарасын тең бөлүп төлөп жашап жатабыз. Бала-чака Бишкекте калган. Тамакты да өзүбүз жасап, кирибизди да өзүбүз жууйбуз. "Директор болосуң десе эле кете берет экен" деп мени шылдыңдагандар бар. Биз искусствого кайдыгер карабашыбыз керек. Мындай иштерди азыр биз жасабасак анан ким жасайт? 

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваСманбеков: Балдарымдын үчөө тең чыгармачылыкка кызыкпай, башка тармакты тандап кетишти
Заслуженный артист КР Темирлан Сманбеков - Sputnik Кыргызстан
Сманбеков: Балдарымдын үчөө тең чыгармачылыкка кызыкпай, башка тармакты тандап кетишти

— Балдарыңыздан сиздин жолду жолдогондор барбы?

— Үчөө тең чыгармачылыкка кызыккан жок. Башка тармакты тандап кетишкен. Неберелүү болдум, азырынча алардан деле менин жолумду жолдоочуларды көрө элекмин.

— Соңунда эң эле жөнөкөй суроо берейин. Адамдар эмне үчүн театрга барышы керек?

Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
Актер Чоро Думанаев: 10 жашымда кайра биринчи класска отургам
— Театр — бул жашоонун күзгүсү. Адам театрга бүгүнкү көйгөйдү көрүш үчүн эмес, жан дүйнөсүнө азык алыш үчүн келиши керек. Келген адамдар башка дүйнөгө түшкөндөй болот. Театрга көп келген адам ичине кереметтерди толтуруп эч качан жаман иштерге барбайт. Театр адамдардын аң-сезимин оңдоп, жан дүйнөсүн байытат. Азыр биздин чөнтөктө акча болгон менен жан дүйнөбүз ачка бойдон. Мисалы көчөдө эки бала урушуп жатса "атаңгөрү, тарбиясы жок начар балдар турбайбы" деп өтүп кетебиз. Тескерисинче, аларга барып ажыратып "ай балдар, мушташпагыла, жакшы жүргүлө, кыргыздын келечеги силерсиңер, элдин келечегин ойлогула!" деп койгонго жарабай калдык. Кабыл алабы-албайбы, улуулар бир ооз айтып коюшбуз керек. Өзүбүз элибизге, жерибизге, уул-кыздарыбызга кайдыгер болуп калдык.

Жаңылыктар түрмөгү
0