Дарыгерлер кош бойлуу кезде УЗИге түшүүнүн зыянын айтып беришти

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүУЗИ жасап жаткан дарыгер. Архив
УЗИ жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 420 баланы алышса, анын 107синен дарыгерлер пайда болуп келе жаткан аутизмди табышкан

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШнын Бостон университетинин окумуштуулары УЗИ бойдогу түйүлдүктө аутизм илдетинин пайда болушуна шарт түзөрүн аныкташты. Бул тууралуу JAMA Pediatrics журналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Изилдөөгө 420 бала алынса, анын 209у ден соолугу таза төрөлгөн. 107синен дарыгерлер пайда болуп келе жаткан аутизмди, 104үнүн акыл-эсинин өнүгүүсүнөн кечигүүлөрдү табышкан.

"Энеси кош бойлуу кезде УЗИге канча жолу түшкөнүн жана андагы ультра үндөрдүн канчалык терең киргенин иликтеп көргөн окумуштуулар УЗИ чындап эле аутизге себеп болушу мүмкүн деген жыйынтыкка кетишти", — деп айтылат макалада.

Бирок бул илдетке УЗИге түшүүнүн саны эмес, ультра үндөрдүн терең кириши себеп болору баса белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0