Кезинде пол жууп, азыр президенттер чакырткан Азыкбаев. Музыкант тууралуу 6 факты

© Фото / из личного архива Курмангазы АзыкбаеваБелгилүү музыкант, КР эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин архивдик сүрөтү
Белгилүү музыкант, КР эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү музыкант, КР эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин туулган күнү. Ондогон музыкалык аспапта ээн-эркин ойногон талант 56 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги эмгекчилдикти туу тутуп, өжөрлүгү менен ийгиликтерди багындырган инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Элеттик тентек музыкант. Курмангазы Азыкбаев 1962-жылы 23-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган. Балалыгы Нарын шаарында өтүп, багып алган агасынын колунда тарбияланган. Музыкага кызыккан окуучу алгач гитара черткенди өрт өчүрүүчүлөрдөн үйрөнгөн. Мектепти аяктагандан кийин Германияга аскер кызматын өтөгөнү кетип, ал жакта башка элдин аспаптарын көрүп кызыгуусу күчөйт.

Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок. - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарда көчө шыпырып иштегем! Илим Карыпбеков тууралуу 7 факты
Өжөрлөнгөн жаштык. Жаш талант аскерден келгенден кийин Муратаалы Күреңкеев атындагы училищенин үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуп, кечкисин ошол эле окуу жайга кароолчу болуп жумушка кирет. Күндүз окуудан сырткары, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, "Семетей" ансамблинде жана борбор калаадагы циркте тажрыйба топтойт. Андан соң билимин Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда улантып, Опера жана балет театрында, улуттук филармонияда эмгектенген.

Пол жууп, уста болуп… Эл артисти колуктусу жана балдары менен 13 жыл жатаканада жашаган. Түгөйлөр уул-кыздарынын курсагын тойгузуу үчүн жатакананын полун жууп, уста болуп иштеген күндөрү болгон. Азыкбаев "ал кезеңдер жубайым экөөбүздү гана эмес, балдарымды дагы чыйралткан" деп эскерет ал күндөрдү.

Күнүнө алты саат аспапта ойнойт. Өнөрпоз күнүнө жок дегенде алты саат музыка менен алпурушат. Чыгармачыл инсан күн сайын тамак-ашын даярдап алып, аспап сактаган бөлмөсүндө чер жазат. Антпесе анын өткөргөн убактысы өтөсүнө чыкпай калат. Андан сырткары, ал кыргыздын маданиятын изилдеп, устачылык кылып жаңы музыкалык аспаптарды жасоо менен алек.

© Фото / личный архив Курмангазы АзыкбаеваАзыкбаев жер бетин түрө кыдырып, жүздөн ашык өлкөдө болгон. Ал улуттук күүлөрдөн тарта классикалык музыкаларды 37 аспапта ээн-эркин аткара алат
Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Азыкбаев жер бетин түрө кыдырып, жүздөн ашык өлкөдө болгон. Ал улуттук күүлөрдөн тарта классикалык музыкаларды 37 аспапта ээн-эркин аткара алат

Кыргызды дүйнөгө тааныткан. Кыргыздын күүсүн, аспаптарын дүйнө жүзүнө тааныткан Азыкбаев жер бетин түрө кыдырып, жүздөн ашык өлкөдө болгон. Ал улуттук күүлөрдөн тарта классикалык музыкаларды 37 аспапта ээн-эркин аткара алат. Кээде музыкант айрым президенттердин чакыруусу менен башка өлкөлөргө барып, чет элдиктерди таң калтырып келет.

© Фото / из личного архива Курмангазы АзыкбаеваӨнөрпоздун балдары да ата жолун улап, чыгармачылык менен алектенет
Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Өнөрпоздун балдары да ата жолун улап, чыгармачылык менен алектенет

Өнөрлүү уул-кыздын атасы. Таланттуу инсан жубайы Зейнеп экөө үч эркек, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Улуу баласы Нургазы 11 тилде сүйлөп, 22 аспапта ойнойт. Ал эми Нурсултан менен кызы Нурайым 12 аспапка жан киргизет, кичүүсү Бексултан чет тилдерди өздөштүрүү менен алек.

Баса, таланттуу инсан буна чейин айылга кат да жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0