Дамирбек Асылбек уулубу же Динарбек Супатаевби? Машыктыручусу эмне дейт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Дамирбек Асылбек уулу
Депутат ЖК Дамирбек Асылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыктыруучу жакын арада өтчү күрөш боюнча Азия чемпионаты дал ушул Асылбек уулунун аракети менен Бишкекте өтмөй болгонун белгилеп өттү.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу аты-жөнү өзгөртүлүшү боюнча мурдагы машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов комментарий берди.

Видео спецоперации в Казахстане с задержанием депутата Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Казакстан прокуратурасы ЖК депутаты кармалган операциянын видеосун чыгарды
Айрым ЖМКлар Казакстанда кармалган депутаттын аты мурда Динарбек Супатаев болушу ыктымалдыгын жана ал 1981-жылы эмес, 1979-жылы туулганын жазып чыгышкан. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы базасында анын аты-жөнүн өзгөрткөнү боюнча маалымат жоктугун билдирди.

Белгилей кетсек, Асылбек уулу 8-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына тапшырган. Ошол учурда анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов болгон. Ал азырга чейин аталган окуу жайда бир нече спортчуларды тарбиялап келет.

Ахметов депутаттын мурунку аты Динарбек Супатаев экенин ырастап, Казакстанга кетээр алдында аты-жөнүн өзгөрткөнүн айтты. Ошондой эле ал Казакстандын желеги алдында Дүйнө чемпионатына катышып алдыңкы ондукка кирсе, Азия чемпионатында экинчи орунду ээлегенин белгиледи.

"Башында бизге Динарбек Супатаев деген ат менен келген. Кийин 1999-жылдары болсо керек, ошол маалда атасынын атына өтүп, "уулу" деген фамилия алуу мода болгон. Ошонун таасиринин бул дагы өзгөрткөн. Чынында эле атасынын аты Асылбек. Ал эми ысымы документ алып жатканда ката кетип калган окшойт. Туулган жылын да өзгөртүп койгонун билбейт экенмин. "Казакстанга барам, шарттары жакшы экен" деп жүргөн, балким ошондо маселе жаралып өзгөрткөндүр. Ал жакта төрт-беш жыл жүрүп келген", — деди Ахметов.

Ошондой эле ал Асылбек уулунун кыргыз спортуна зор салым кошуп келе жатканын айтып, мындай окуя күтүүсүз болгонун билдирди.

ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
"Дамирбек жоош, өзүнө тың бала болчу. Эми ал болбосо кыргыз күрөшүнө оор болуп калат. Эки-үч айда биздин залга келип машыгып турчу. Жакында эле келип Бишкекте өтчү Азия чемпионатына балдардын даярдыгын көрүп кеткен. Бул чемпионаттын негизги уюштуруучуларынын бири эле. Алдын ала билдирүү жиберип Кыргызстанга өткөрүүгө уруксат алган. Ага чейин Таиланд, Филиппин, Индонезияда өтөрү айтылган эле. Ал Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович менен да кезиккен", — деди Ахметов.

Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн 35 адамды кармаган. Алардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болуп, бирөө ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин ТИМ тастыктаган.

Анткен менен Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин айтып, КР Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0