Бишкекте акыры тамтыгы чыккан көчө оңдолмой болду

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүКапитальный ремонт автодороги А-375 "Восток" Хабаровск - Находка
Капитальный ремонт автодороги А-375 Восток Хабаровск - Находка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчө тогуз ай бою жабык болот

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкекте 24-февралдан тарта Осмонкул көчөсү оңдоло баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эксперимент по инновационной подсветке светофоров - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүнө жаңы жол чырактар коюлду. Тизме
Аталган көчөнүн Чоң Чүй каналынан "Шоро" ишканасына чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабылат. Бул аймактагы көчөнү оңдоо менен бирге үйлөргө борбордук канализацияны тарттыруу пландалып жатат. Көчө 2018-жылдын 21-ноябрына чейин жабык болору айтылды.

Мэрия жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

Буга чейин ушул көчөдө жашаган тургундар жолдун тамтыгы чыкканын айтып, тили тешилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0